Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы ири соода түйүндөрүндөгү азык-түлүк бааларын көзөмөлгө алуу, ашык баада сатууларына бөгөт коюу максатында район жетекчилиги атайын рейддерди уюштурууда. Рейддин жүрүшүндө соода түйүндөрүнүн ээлери, базардын сатуучулары жана товарлардын баалары тууралуу кардарлар менен маектешүүлөр болду.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары Кенже Карагулованын айтымында -өткөн аптанын жума күнү 13-мартта бир кап ун 1350 сомдон сатылса, эртеси күнү белгисиз себептерден улам 1800-2000 сомго чыгып кеткен. Бааны көзөмөлдөө, туруктуу кармоо үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тиешелүү органдын кызматкерлери менен бирге ишкерлерге бааны ашкере көтөрүүдөгү жоопкерчиликтери түшүндүрүлдү жана ундун баасы бекитилди. Мындай рейд дайыма уюштурулуп турат дейт орун басар Кенже Карагулова.
Айрым айыл тургундарынын маалыматтарына караганда, Баетов айылында аптанын аягында дүрбөлөңдөн улам, ашык баада сатылганына карабай ун дүкөндөрдө калбай калган.
Даярдаган: Гулбарчын Мамытбекова