Акыркы жылдары алимент төлөөдөн качкандардын эсеби 40 миңден ашуун экени аныкталган. Алардын 92% аталар болсо, 8% энелер. Коомдо алимент төлөөдөн качкан аталар байма-бай айтылып, массалык маалымат каражаттарында да чагылдырылып келет. Бирок, серепчилер Кыргызстанда баланы багуудан баш тарткан энелердин да саны өсүп жатканын билдирип келишет.
Бүгүн биз, аялы экөө эки ажырым жолго түшүп, баланы жалгыз бой багып жаткан аталардын абалына сереп салабыз. Тилекке каршы мындай көрүнүштөр биздин айылда да бар. Бирок, үй-бүлөлүк ажырашуудан улам, балдарды жалгыз тарбиялап, чоңойтуп жаткан аталар алимент албайт дейт Сары-Булуң айылынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова:

Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери
«Сары-Булуң айыл аймагында алимент алган, алып катталган аталар жок.Бирок, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу же болбосо күйөсү-аялынын ортосунда келишпестиктерден улам, энелер аталарына таштап кеткен балдар бар.Ал аталарга өкмөт тарабынан жөлөк пул чектелген.»
Сары-Булуң айылында аталардын алимент өндүрүүдөн баш тартуусу жалпы Кыргызстандагы көрүнүштү чагылдырбайт. Бүгүнкү күндө өлкөдө аялынан алимент өндүргөн 142 эркек каттоодо турат. Тогуз-Торо райондук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбеков Тогуз-Торо районунда жалгыз бой тарбия берген аталардын эмне себептен алимент алуу өтүнүчү менен кайрылбай жүргөндүгүнө токтолду:

Тогуз-Торо райондук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбеков
«Аталар эми көбүнчө акча тапканга байланыштуу, экинчиден баягы менталитетке байланыштуу аялынан алимент алып атыптыр деген да болушу мүмкүн. Бирок, чындыгына келгенде мыйзам боюнча эгерде ажырашкан аял, тиешелүү кирешеси болуп турган болсо, эгерде баланы атасы багып аткан болсо мыйзамдуу турдө атасы алганга укуктуу.»
Коомдо калыптанып калган көз-караштардан улам, атанын алимент алуусуна анчейин маани бербей келебиз. Бирок, алимент бул атага же энеге эмес, балага берилген акча экенин түшүнүү маанилүү. Баланы жарык дүйнөгө алып келген соң, ата-эне татыктуу тарбия, мээрим берүүгө милдетүү. Бирок, пикир келишпестик ж.б себептерден улам үй-бүлө ажырашканда балдар ар түрдүү моралдык жана материалдык жоготууларга дуушар болоорун адистер билдирип келет. Ал эми юрист Аймаран Тааабалдиев коомдогу бүгүнкү менталитет аталардын алимент алуусуна бейкапар мамиле кылып келет. Бирок, мыйзамда эркек менен аялдардын укуктары бирдей теңдештирилген дейт.

Юрист Аймаран Таабалдиев
«Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодекстин ченемдерине ылайык ата-энелер, өздөрүнүн балдарына карата бирдей укукка ээ жана милдеттерди аркалашат.Эгерде атасы же энеси өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын каражат бербесе, аларды баккан каражат алимент.»
Статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы үч жылда ажырашуунун саны улам өсүп барат. Мисалы, 2018-жылы өлкөдө дээрлик 50 миң жубай никеге турса, алардын бештен бири ажырашып кеткен. Ошол эле учурда алимент төлөөдөн качкандардын эсеби 40 миңден ашуун.
Даярдаган: Анара Мааметова