Ысык-Көл областынын Тоӊ районуна караштуу Туура-Суу 1 айылындагы Калый Тайлаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде «Зордук-зомбулукка каршыбыз» деген темада чакан иш-чара болуп өттү.
Зордук-зомбулукка каршы үгүттөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө мектептин соц. педагог мугалими Ирина Бакаева төмөнкүлөргө токтолду: «Биздин мектепте зордук-зомбулукка каршы ар кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ар бир класс жетекчи «Зордук-зомбулуксуз жашоо» деген темада тарбиялык сааттарды өтүштү. Андан тышкары биздин мектептеги окуучулар айыл ичинде жүрүш жүргүздүк. Бул жүрүш аркылуу айыл элдерин зордук-зомбулуксуз жашоого чакырдык. Мына бүгүн ички иштер башкармалыгын, айыл өкмөтүн жана андан башка тиешелүү органдарды чакырып өзүбүздүн чакан «Зордук-зомбулукка каршыбыз» деген иш-чарабызды коюп бердик. Бул иш-чарада 9-10-11-класстардын окуучулары даярдаган сценкаларын коюп беришти жана дагы зордук-зомбулуктун кандай түрлөрү бар экендиги жөнүндө маалымат берилип, видео-роликтер көрсөтүлдү. Бул иш-чарадан көпчүлүгү окуучулар өздөрүнө жакшы тарбиялык максаттарды алышты. Себеби дегенде зордук-зомбулуксуз жашооо азыркы өсүп келе жаткан муундардын колунда. Ошол себептүү зордук-зомбулук жөнүндө маалыматты эӊ биринчиден окуучуларга беришибиз керек деп ойлойм».
«Зордук-зомбулукка каршы көптөгөн иш-чаралар өтүп жатат. Мисалы, ачык сабактар, тегерек столдор жана ошондой эле мектеп деӊгээлиндеги чакан иш-чаралар. Бул иш-чаралар 2020-жылдын 1-январынын башталды. Бирок ошого карабай ар бир мектепте эӊ соонун иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Зордук-зомбулукту токтотуу жалгыз эле ички-иштер тарабынын колунан келбейт. Ошол себептүү ар бир окуучу, ар бир айыл эли бизге жардам бериши керек деген ойдомун. Эгер окуучулар ушундай иш-чараларды бат-баттан уюштуруп турушса зордук-зомбулуксуз жашоодо жашай алабыз, жана бул иш-чаралар аркылуу окуучулар бизге чоӊ жардам бере алышат. Бүгүнкү Калый Тайлаков мектебиндеги иш-чара абдан мыкты деӊгээлде өттү. Окуучулар коюп берген сценкаларда көптөгөн тарбиялык максаттар камтылган», -дейт ички иштер башкармалыгы Асанбек уулу Жолдошбек.
Даярдаган: Жумагулова Кантай