Карысы бардын ырысы бар демекчи , Тасма айылында Бүбүкө эне өзүнүн шыктуу колдору менен адамдарды дарылоого да жөндөмдүү. Ал жаштардан өзүнүн эмгекчилдиги менен айырмаланат. Өзүнүн кечирип жаткан жашоосу жөнүндө Бүбүкө чоң эне баяндап берди.
Пенсия алам, доктурга жатканыма жетпейт. Илгери кой багып тоо ташта жүргөндөрүм өтпөй калыптыр. Аз эле алам чай туздук, төрт миңге жетпейт. Суу бул жерде эле, канистр көтөрүп барып келем, кээде сууда турган балдар алып келип берет. Бишкекте эки кызым бар, ошолор келеби деп күтүп атам, жылда эле кышкысын алып кетишет, үйүмө барам деп калсам жайында кайра алып келишет. Ак Сууда уулум бала чакасы менен өз күнүн өзү көрөт. Баламдыкына мал салым менен көчүп баргам , бирок көнө албай койгом, балам малдын баарын сатып үй алды»
—Эмне үчүн бул жерден кеткиңиз келбейт?
,,Көнүп калдым, балдарым аял алып бөлүнүп кетти, иштеп кеткени иштеп кетти.»
-Таарыныч жокпу балдарыңызга?
,,Жок, көнүп, жытым сиңип калган короо деп эле өлүп калсам ушу жерден алып чыгаар деп догурунуп жалгыз жашап атам.
Көзүм жакшы көрбөй, кулагым да укпай калды. Кызым келип алып кетеби деп күтүп атам. Кызым күндө телефон чалат «апа мен барам кийимдерди тигип бүтөйүн деп» .
Сизге карылар күнүнө карата айыл окмоттон кандайдыр жардам болдубу?
,,Жок айыл өкмөттөгүлөрдү көргөн жокмун.»
-Сиз канча жашка келип калдыңыз?
— Мен жүз он үчтөмүн.
Эмне себептен Бүбүкө эне жалгыз жашап жаткандыгы тууралуу билүү үчүн баласы Өмүрзаков Шайыга кайрылдык.
,,Баарына эле каралашып турабыз, анан ушу өз оюн бербейт, жалгыз жашап көнгөн. Күнү барабыз, түнү барабыз эмне болду деп карап турабыз.
Баягы он баласынын бешөөсү жаман болгон күндө да бешөөсү жакшы мамиле кылса ошолорго деле баш ийбейби,баары эле жинди эмес да, эч бирине баш ийбей мен минтип жашайм, тигинтип жашайм деп оз оюн бербейт.
Мисалы, Бишкеке деле алып кетишет. Көнбөйт, камалып отура беремби деп, кыймылдабай калдым үйгө барышым керек дей берет. Ак Сууда абабыз бар ал алып кетет курортко салат мен алып кетсем деле абам Медер алып кетсе деле мен үйүмө кетем мунум калды тигиним калды дей берет өзүнүн оюн бербейт.
Айылдын кары адамдары үчүн айыл өкмөтү тарабынан көрүлгөн иш чаралар жөнүндө билүү үчүн Карасаев айыл өкмөтүнүн сациалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Кемпирова Айнаканга кайрылдык.
,,Карылар боюнча ар бир жыл сайын карылар айлыгы өтөт. Ошол убактарда буларга ысык чай берилет, белектер берилет. Мындан сырткары 9- майда ардагерлерге арналган белектерибиз бар.
Баары берилет, бул эненин чоңоюп калган балдары бар үйлүү- жайлуу, азыр жашаганда үйүндө жалгыз туруп жатат. Балдары жардам берип турат балдары менен да сүйлөшүп көргөм. Утурумдук жалгыз жашап жатат ал көбүнчөсүн кызыныкында Токмокто болот. Азыр карылар айлыгы өтүп жатат 18 не чейин, айыл өкмөттө 6 кары адам, биздин айылда төрт кары адам бар. Баарын чакыртып, чогултуп тамак берилди. Эми бул айлыкта да ысык тамак жана белектер берилет.