А.Сопиев атындагы № 19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде ,,Мөлмөлүм» бий тобу 17 жылдан бери өздөрүнүн мыкты бийлери менен элдерге таанылып келет.
Бул тууралуу мектептин ардагер мугалими, бий тобунун түзүчүүлөрүнүн бири тарыхы жөнүндө төмөнкүлөрдү айтат:
,,Мөлмөлүм бий тобуна мына быйыл 17 жыл, мурда биз түзгөнбүз. Мөлмөлүм деген Барпынын ырынын атынан коюлган ошондо бизде талантуу жаш кыздар бар болчу. Мына азыркы күндө анын саны көбөйүп, бүгүнкү мезгилдерде ар кайсы улуттун бийлерин бийлеп жогорку чыгармачылыкта аткарып жатышат аны уланткан Өмүрзакова Назира. Бул кружоктун келечеги кең жана муну да өнүктүрүш керек деп ойлойм», деди
Мөлмөлүм бий тобуна кандай жардамдарын берип жатканы тууралуу Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт Кайыков Курманбек буларды айтат:
«Мөлмөлүм бий тобу азыркы убакта маданий тармакты өстүрүүдө чоң өбөлгө түзөт. Мен буга оң көз караштамым. Колубуздан келишинче шарт түзүп бергенге аракет кылабыз. Бий тобуна 2009-жылы бюджеттин эсебинен формаларын сатып бергенбиз, андан сырткары кароо сынактарга барганда аз болсо да жолго кеткен чыгымдарды төлөп бергенбиз.
Азыркы учурдагы жетекчиси Өмүрзакова Назира келечектеги пландары менен бөлүшө кетти
,,Мөлмөлүм бий тобу 1994- жылы уюшулуп, башталышында 12-13 окуучу менен баштаганбыз. ,Азыр 42 окуучуга жетти, бул дагы жогорку топ, ортоңку топ, кичи топ болуп үч топко бөлүнөт. Биздин ийгиликтерибиз абдан көп 10-15 жылдан бери райондордо биринчи орунду, облустарда 2-3 орундарга ээ болуп келе жатабыз» .
-Кандай кыйынчылыктар болду?
,, Эң биринчи болуп, аппаратура жагынан аябай кыйналдык, бара- бара форма жагынан бир аз кыйналып бара жатып спонсорлорду таап, ошол кыйынчылыктарды жеңип, азыр жакшы ийгиликтерге жетишип калдык»
-Келечекте кандай пландарынар бар?
«Келечекте республикага барып телевидениеге барып тартылып келсек деген оюбуз бар.»
Кубатбек кызы Айдана 4-класстан бери бий менен алектенип келет. Ал бий туралуу мындай дейт.
,,Мен бул топто беш жылдан бери бийлейм мага бийлеген абдан жагат. Биз бий тобуна катышып жүргөндө облустарга жана райондорго даярданып жатканда сабактардан артта калып калган убактарыбыз да болгон. Негизи бийлөө хоббим болот. Маанайым жок болсо бийлегенде маанайым көтөрүлүп калат» -дейт.
Биз да бул ,,Мөлмөлүм» бий тобуна мындан ары да чоң- чоң ийгиликтерди каалайбыз. Келечекте баардык элдерге таанылган мыкты бий топторунан болушсун.
Даярдагандар: Кубатбекова Айгерим, Бейшебаев Саламат