Медербек 2- класстан бери грек-рим күрөшүнө кызыгып ошондон бери калтырбай машыгып келет. Ал өзүнүн ийгиликтери жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтат.
«Мен күрөшкө катышып жатканыма беш жыл болду. Кичине кезимден бери күрөшкө шыгым бар жана күрөш мага абдан жагат. Күрөшкө кичине кезимден бери эле катышып келем.
-Кандай ийгиликтерге жетиштиң?
«Мен областук, райондук көптөгөн шаарларга барып 1, 2, 3 — орундарга ээ болгом Казакстанга да барып келдик».
-Кандай кыйынчылыктар болду?
«Кыйынчылыктар көп болгон. Утулуп калып ыйлагым келип, ичим күйүп калган учурлар болгон. Келечекте дагы күрөштү улантып жана ошондой эле чоң спортсмен болгум келет».
Медербектин апасы уулунун жетишкен ийгиликтерине кубанганын жашырган жок.
«Биздин уулубуздун спортко катышкан өзүнүн ден -соолугуна пайдалуу экен. Барган жеринен куру келбейт, эң албадым дегенде эле медаль, диплом алып келет. Бул биз үчүн чоң кубаныч барган жерден телевизор, радио, DVD ойноткуч баарын эле алып жатат.
Медербектин машыктыруучусу Көчөрбаев Эркинбек Медербектин спортко болгон жөндөмүнүн жогору экендигин белгилейт.
«Медербек 4- класстан баштап катышкан облустук райондук эл аралык мелдештерде 1- 2- 3-орундарды алып келет. Өзү тырышчаак, коюлган талапка дайыма жооп берет, айтылган милдеттерин аткарат».
Биз дагы Медербекке келечекте Кыргызстандын мыкты спортчуларынан болушун каалайбыз.
Даярдагандар: Кубатбекова Айгерим, Бейшебаев Саламат