Мен Гүлбарчын Мамытбекова Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айылдык мектепте 24 жылдан бери мугалим болуп иштейм. Өзүм иштеген чөйрөдөгү мугалимдердин эмгеги, түмөн түйшүгү, коомдогу ролу жана орду, “өкмөттүн” балдары деп жүрүп өз балдарын унутта калтырган ж.б учурлар тууралуу аралашып жүрүп, абдан жакшы билем.
Ошондуктан жөнөкөй айылдык мугалим, алардын ийгилиги, кубаныч-кайгысы, чет жерге жакшы жашоо издеп кетип, ал жерден көргөн кыйынчылыгы, үй-бүлөлүк жашоосунун оомал-төкмөлү, жан кейиткен жалгыздыкка карабай, эч кимге догурунбай балдарын чоңойтуп, ошол эле учурда коомдук иштерден калбаган жигердүү мугалимдер тууралуу подкаст даярдоону максат кылдым. Ар бир подкастта айылдык мугалим жан дүйнөсүндөгү, ишиндеги, жеке жашоосундагы сырларын жашырбай бөлүшөт.
“Учурда коом, айлана-чөйрө мугалимдер да жеке жашоого, үй-бүлөгө убакыт бөлүүгө, эс алууга, кубанып-кайгырууга “укугу” бар экенин унуткандай. Айылдык мугалим-бул “кутудагы киши”. Ашык кадам таштоого, жаза басууга же жаңылыш сүйлөөгө, ката кетирүүгө, конокко барууга, эл катары эс алып көңүл ачууга “болбойт”. Керек болсо көчөдө да түз басууга тийиш! Анткени бардык жерде ата-эне, бардык жерде окуучусу бар!
Бир кезде СССР “кашыктап чогултуп берген мугалимдин кадыр-баркын бүгүнкү күндө чөмүчтөп төгүлүп”, эрте турганы өйдө-төмөн кеп айтып, кааласа сабактан жетелеп чыгып, кааласа видеого тартып, интернет айдынына таратып жибермей мода болуп калды. Жада калса кечкисин да окуучуну мугалим көзөмөлдөп, туура эмес иш кылса жоопко тартылып, кызматтан алынып, айтор ур-бергиге алуу адатка айланды. Анын да үй-бүлөсү, бала-бакырасы бар экенин, ал да кечинде алардын мандайында ысык чай ичип, кам көрүү керек экенин эстен чыгаргандайбыз. Мындай көрүнүштөр өзүмдүн да башыман далай жолу өттү. Түндүн бир маалында далай окуучуларды үйүнө жеткирип барып жүрдүм. Ата-энелери баласынын кайда жүргөнү менен иши жок таттуу уйкуда жатканына жиним келчү. Ал эми кээ бир ата-энелер балдарын “алым жетпейт, силерге өткөрүп бердим” дешчү. Андай балдарды катуу көзөмөлгө алып, бир балээнин ичинен чыкпаса экен деп сарсанаага түшөбүз. Бирөөнүн баласына тарбия берип жүрүп, өз балдарына кам көрбөй, тарбия бербей, ал үчүн өкүнгөн мугалим канча? Чет жерге чыгып кеткени андан көп. Албетте окуучусу ийгилиги менен кубанткан учурлардагы сыймыкты, толкунданууну айтууга сөз жетпестир. Өз ата-энесиндей кубанып…
Мына ушунун баарын менин подкасттарымда каармандар өздөрү айтып беришет. Ал эми каармандар-менин кесиптештерим!
Подкаст жумасына бир жолу даярдалат жана анын ар бир жаңы чыгарылышы кызыктуу болот. Аларды сиздер kyrgyzmedia.kg сайтынан уга аласыздар.
Байланыш даректери:
Нарын облусу, Ак-Талаа району, Баетов айылы.