27- июль күнү Бакай-Ата радиосунда, түз эфирде жергиликтүү айылдык кеңешинин депутаттары Райкан Молдалиева жана Динара Шаботоева болду.
Программанын жүрүшүндө айымдардын коомдогу орду тууралуу сурамжылоого жооп угуп, райондун орун басары айылдык кеңештеги депутат айымдар боюнча кеңири маалымат айтып берди.
Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондусу тарабынан каржыланып, ишке ашырылууда.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова