Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын тургундары мобилдүү клиниканын акысыз медициналык кароосунан өтүштү.

Бул тууралуу айылдын медайымы Жамал Мамытбекова билдирди. «Жалал-Абад облусунун губернаторунун тапшырмасынын негизинде, алыскы айылдардагы жашаган калктын ден-соолугуна кам көрүү максатында акысыз кароо болду».
Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынын жергиликтүү тургундары үчүн айыл өкмөтүнүн имаратына мобилдүү клиника келип, жергиликтүү тургундар медициналык кароодон өтүштү.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова