Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул мелдешти айылдын 2000-жылкы балдары уюштурушкан. Аталган оюнга айылдын 1984-жылкыларынан тарта 2001-жылкыларына чейинки балдардан түзүлгөн 16 команда мелдешишти.
Жыйынтыгында, 1-орунду 1996-жылкы балдар камсыздап, кубок, диплом жана 1500 сом акчалай сыйлык, 2-орунду мектептин окуучулары алып, диплом жана 1000 сом, 3-орунга 1987-жылкылыр татып, 800 сомго ээ болушту.
Бул оюндун уюштуруучуларынын бири Талантбек уулу Турат: « Бүгүнкү оюнду өткөзүүнүн максаты айылдагы балдарды спортко тартуу, чылым чегүү жана ичкилик ичүүдөн алыс кылуу, ошондой эле аз да болсо айылдаштарыбызга жакшы маанай тартуулоо максатында өткөздүк. Дагы айта кетчү нерсе, бул оюнду өтмө кубок катары уюштуруп, кийинки эстафетаны 1999-жылкы агаларыбызга өткөрүп бердик»,- деди.
Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан