Үстүбүздөгү жылдын акыркы 10 айында Ак-Талаа районун аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, 519239 сомдук социалдык-экономикалык чыгымдарды алып келген. Бул көрсөткүч 2014-жылдын тогуз айына салыштырмалуу 20 пайызга азайган.
Өрт кырсыктары көбүнчө балдардын от менен ойноосунан жана кыска чыңалуудан келип чыккан.
Ак-Талаа райондук өрткө каршы Мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары К.Суранбаевдин айтымында быйыл өрт өчүрүүчүлөр 28790000 сомдук материалдык байлыктарды сактап калышкан.Райондун аймагында өрт кырсыктарына жол бербөө жана алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Тилекке каршы өрт кырсыгынын жылдан жылга көбөйүшүнүн негизги себеби элдин коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы.
Даярдаган: А. Айылчиева
Эскертүү: Материал басылманын жана автордун менчиги болуп саналат. Уруксатсыз көчүрүп жарыялоого тыюу салынат!
Сынак үчүн