
Баевтов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында мугалимдер үчүн окуу өткөрүлдү. Окууда сабактын жаңы үлгүлөрү, окутуунун заманбап ыкмалары жөнүндө кеңири түшүнүк берилип, ага мугалимдер жигердүү катышты.
Мугалимдердин кесибин жогорулатуу борборунун мугалими Ж.Бузурманкулованын айтымында балдарга азыркы учурдун талабына ылайык заманбап билим бериш үчүн окуу ыкмаларын мугалим өзү жакшы билүүсү керек. Мурдагыдай мен айттым, эми түшүнгөнүңдү айт деп талап кылуунун кажети жок. Азыркы окуучу мугалимден да көптү билиши мүмкүн. Демек мындай окуучуларды окутуш үчүн мугалимдин билими күчтүү болушу шарт.
Эскертүү: Материал басылманын жана автордун менчиги болуп саналат. Уруксатсыз көчүрүп жарыялоого тыюу салынат!
Сынак үчүн