Ош облусунун Кеңеш айыл аймагынын Ак-Терек айылында ичүүчү сууну сактоочу жай курулууда. Бул суу сактоочу жайга кеткен материалдар үчүн айыл өкмөт тарабынан 35 миң сом акча каражаты бөлүндү. Ал эми азык-түлүк программасы тарабынан ишкерлердин кызмат акылары үчүн ун жана май берилет.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жеңишбек Исаев суу сактоочу жайдын курулушунун себеби суу запасын сактоо дейт. Ак-Терек айылы адырда жайгашкандыктан суунун запасын кармоо айыл эли үчүн маанилүү. Мындан улам, суу сактоочу жайды куруу Ак-Терек айылынын тургундары, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Суу сактоочу жайдан Как, Кош-Короо аймактарынын жашоочулары суу менен камсыз болот. Айыл өкмөт тарабынан курулуш материалдары үчүн 30 миң сом акча каражаты, ал эми азык-түлүк программасы тарабынан ишкерлердин кызмат акылары үчүн 35 миң сомдун тегерегинде ун-май берилет. Учурда жумуш 70% аткарылды» — деп билдирди Исаев.
Ак-Терек айылынын тургуну Хабиба Жороева: «Бизде Таза-Суу деген булак бар ошол булакка суу топтолуп калат ошол жерден ичебиз. Азыркы учурда көпчүлүк үйлөрүндө суу чыгаруучу жай куруп, өздөрү суу куйдуруп ичишет. Учурда айыл өкмөт тарабынан курулуп жаткан суу сактоочу жайды күтүп отурабыз. Эртерээк бүтүп калса, бизге жакшы болот эле. Себеби ушул мезгилде суу тартылып бизге чоң көйгөй жаратат».
Ак-Терек айылынын тургуну Майрагүл Урманбетова: «Биздин үйдө кудук бар ошол жерге суу толтуруп алып ичебиз. Айылда булак дагы бар аны кээде ичүүгө болбой дагы калат. Айылыбызда көпчүлүк адамдар сууну шаардан сатып ичишет. Көйгөйүбүз — таза сууга абдан муктажбыз. Айылыбыздын адамдары жардам бербесе өкмөттөн эч кандай жардам болбойт. Сырттан жардам беребиз деп келгендер болду бирок суу боюнча эч ким эч кандай жардам бергиси келбеди. Азыркы учурда курулуш иштери болуп биздин суу боюнча маселебизди чечип коюшса жакшы болмок», — деп билдирди Урманбетова.
Ак-Терек айылынын тургуну Нурбек Зулпукар уулу: «Айылыбызда булак бар, ошол жерден эл суу зарыл учурда өзүнө керектүү өлчөмдө алып кете беришет. Ал суу жерден чыгып топтолот. Бизге айылдын ортосунан, жердин астынан суу чыгарып берсе жакшы болмок. Мен ошону суранат элем», — деп билдирди Зулпукаар уулу.
Бул уктуруу Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонду тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Айжибек Алижанова
Аудио: Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кандай маселелер киргизилген?