Сокулук районуна караштуу Жал айылынын «Достук» мультимедиа борборунун волонтерлору айылдын карыларынын ден- соолугу боюнча кабар алышты.
Азат Жаныбеков Орок айыл өкмөтүнүн башчысы:
«Биздин Орок айыл өкмөтү боюнча азыркы учурда ата -апаларыбыздын абалы туруктуу. Былтыркы карантин убагында Селекция, Жал айылдарында ооруган тургундарыбыз көп болгондуктан атайын бейтаптарды тейлөө үчүн кошумча ооруканаларды ачканбыз. Ошол учурдагы кырдаалды эске алып, 2021-жылы биздин Жал айылынан үй-бүлөлүк дарыгерлердин тобу күтүлбөгөн учурларга дайын болдук. Экинчиден дагы ушул жылы эч кандай оору болгон жок.
Айыл башчылар, медицина тармагында иштеген адамдарыбыз, айыл өкмөтүндөгү ишкерлер, айылдын активисттери, ошондой эле активдүү жаштар дагы жардамдарын берип турушту. Ошол мезгилде Орок аймагында өзгөчө абал учурунда COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын- алуу жана каршы күрөшүү иштеринде жергиликтүү тургундарынын саламаттыгы үчүн активдүү күрөшкөндөр жана кошкон салымдар үчүн ыраазычылык каттар даярдалды жана тапшырылды.
Анткени, мурунку жылы баарыбызга маалым кыргыз эли үчүн өтө чоң көйгөй болду. Андай учурлар да баштан отуп, ар бир кылынган иштер үчүн биз ушинтип ыраазычылык билдирип көңүлдөрүн көтөрсөк, ар бир инсан кылган эмгеги текке кетпегендигин сезет го деген ойдомун»,- деп оюн билдирип кетти.
Азема Курманбаева Орок айылында социалдык кызматкер. Ал пандемия учурунда карыларга колдон келишинче жардам көрсөтүлгөнүн айтты:
«2020-жылга караганда азыр абал тынч 2021-жылы кары- картаңдардын COVID-19 менен ооругандары азайды.
Биздин айыл өкмөтүбүздө 700-800-го жакын кары- картаң адамдарыбыз бар. Алардын ичинен 12-си кароосуз калган карыларыбыз.
COVID-19 менен ооруган кары- картаңдарга биз колубуздан келген жардамдарыбызды берип турдук.
Кароосуз калган карыларыбыздын үйүнө барып керек дары- дармектерин, азык-түлүктөрүн колубуздан келишинче алып бердик.
COVID-19 оорусу башталганда биздин айыл өкмөтүндө эки айылда стационар ачылып, ооруп калган жалпы элге биздин волонтерлор бекер дары- дармектерди жана капельница коюп, дарыларын, тамак- аштарын да алып келип турушту. Биздин элибизге чоң рахмат. Биз жардам беребиз деген айыл арасында демилгелүү жаштарыбыз бар экен. Кары- картаңдардын, жетим балдардын, жардамга муктаж адамдардын тизмектерин алышып биз жардам беребиз дегендер көп болушту. Азыркы учурда бизде абал тынч карыяларыбыздын арасында быйыл COVID-19 илдети менен ооругандар азайды»,- деди ал.
Үй-бүлөлүк дарыгер Турдукан Куланбаева вирусту алдын-алуунун дагы бир жолу туура тамактануу дейт:
«Бизде вирустук инфекцияга чалдыккандар көп эмес. Салыштырмалу шаарга жакын «Селекция» айылында ооругандар көбүрөөк болду. Менин айтарым, айылыбыздын карыялары өздөрүнүн ден- соолугуна кам көрүүдө социалдык аралыкты сактап, бет кап кийип, эл көп чогулган жерлерге барбаганга аракет кылып, өзуңөрдү жакшы карагыла. Кары- картаңдарга COVID- 19 вирустук инфекциясына чалдыкпаш үчүн бере турган сунушум, туура тамактанып, көп эл чогулган жерге барбай, тойлорго да барбагыла деп айткым келет».
Каратай Конушбаев Жал айылынын тургуну:
«Азыркы абалыбыз кудайга шүгүр COVID-19га каршы маскасын тагынып жүрөм. Сыртка чыкпайбыз. Өзү картайган киши эч жакка баса албайт экен үйдө эле олтурабыз кемпир -чал болуп, азыркы учурда кары- картаңдардын абалы менимче былтыркыга караганда жакшы, тынч. Бул оорудан кутулуш үчүн доктурга тез- тез көрүнүп, такай алып аралыкты сактай жүрүш керек. Балдарыбыздын айткан сунуштарын бизге кам көрүп жаткандыктарын туура түшүнүп угушубуз керек. Эшикке чыкпай көп эл чогулган жерге барбай, аксакал катары силердей болгон балдарыма өмүрү узун болсун, жакшылык, тынчылык жашоодо болсун дейт элем»,- деп батасын берди.
Саткеева Садагүл Шаршенова Жал айылынын тургуну-
«Быйыл COVID-19 илдети менен ооругандар аз. Анткени өзүбүздү карап, балдарыбыздын айтканын угуп, ден соолугубузга кам көрүп калдык. Мурун ак- сакал болуп баардык бүт жакка барчуу элек. Азыр себепсиз айыл- апага, дүкөнгө, эл коп чогулган жерге барбашыбыз керек. Өзүбүздү өзүбүз карап, балдарыбызды багып, жамандыктын арты жакшылык келсин демекчимин. Баарыңыздарга чын ден соолук калайм»-деди ал.
Даярдаган: Марлен Базаркулов