Вакцина сизди жана айланадагылардын ден- соолугун коргойт. COVID- 19 каршы эмдөө инфекциянын алдын- алуудагы эффективдүү чара.
Бегайым Азылова Сокулук райондук үй- бүлөлүк медицина борборунун иммунологу-
«Жал үй- бүлөлүк дарыгерлер тобуна мобилдик бригада менен келгенибиздин максаты тургундарга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү. 29- апрелден бери Кытайдын алынып келген «Синофарм» аттуу вакцинасын эмдөөдө колдонуудабыз. Район боюнча 3000 дей адамга эмдөө жасалды. Мен өзүм биринчилерден болуп алгам. Вакцина +2, +8 градус температурада сакталат. Эмдөө алган адамдардын арасынан ооруп калгандар болгон жок. Орок айыл өкмөтүнүн тургундарына COVID- 19 вирусттук оору болгондуктан, эң биринчиден тазалыкты сактоого, бет кап тагынууга, көпчүлүк жерге барбоолорун суранат элем. Ошону менен бирге күчтүү тамактанууга да чакырам, себеби азыркы кырдаалда бул ден- соолукка абдан керек»,- деп өз оюн билдирди.
Айнура Сагындыкова «Жал» үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы:
«Биз «Жал» үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери COVID-19 га каршы вакцина алдык. Мен «Синофарм» эмдөөсүн Сокулук райондук уй- бүлөлүк медицина борборуна барып алгам. Биринчи эмдөөдөн 21 күндөн кийин экинчи эмдөөнү алам. Эмдөөдөн кийин өзүбүздү жакшы сезүүдөбүз. Эч кандай ден- соолугубузга терс таасирин тийгизген жок, температурабыз көтөрүлгөн жок. 65 жаштагы жарандар «Синофарм» Кытай вакцинасын алышты. 65 жаштан жогору адамдар «Спутник- 5″ вакцинасын алууда. Эч кандай мажбурлоо болгон жок. Каалаган жарандар паспорту менен барып алса болот»,- деп айтып кетти.
Карылар санитардык эрежелерди сактаганга аракет кылышат
Мээрим Барманова, Бегайым Насыркулова