Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда 24-марттан бери коронавируска каршы эмдөө жүрүүдө. Биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген. Алды менен медицина кызматкерлери, мугалимдер, милиция кызматкерлери, чек арада, аба майданда, санитардык-көзөмөл бекеттеринде иштеген кызматкерлер эмеделет деп айтылган. Бул боюнча Кыргызстандагы борбордон эң алыс жайгашкан Сүлүктү шаарында абал кандай?
Тиешелүү бийлик органдарынан маалымат алдык.
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы саламаттыкты сактоо жана жугуштуу ооруулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү.
Алгач шаардык мэрияда саламаттыкты сактоо тармагын көзөмөл кылган вице-мэр Марзия Сапаркуловадан маалымат алганыбызда: “ Шаарыбыз боюнча калкты вакцинациялоо иштери өз нугунда жүрүп жатат. Кечээ күнү бул маселени коордиациялык кеңешмеде карадык. Учурда шаардын борбордук бөлүгүндө, Макаевка көчөсүндө жана Кошбулак аймактык башкармалыгында жалпысынан үч жерде эмдөө пукнкттары жана бир мобилдик бригада иштеп жатат. Шаардык ооруукананын жугуштуу ооруулар бөлүмүнө алдын ала COVID-19 илдетине -6 койка, пневмонияга-12 койка даярдалып коюлган”?-деп маалымат берди.
Вакцинациялоо боюнча мэрияда өтөрүлгөн отурумдун катышуучулары. 28-май 2021-жыл.
Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун (шаардык оорукана) директору Асат Ибрагимов:”Сүлүктү шаарына берилген вакциналардын санына салыштырып айтсак, калкты вакцинациялоо 66% ды түзүүдө.
Учурда вакцинациялоонун экинчи этабы башталган. Материалдык техникалык жактан камсыздоо боюнча маселе жок. Болгону коомчулуктун арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек”?-деп маалымат берди.
Координациялык кенешме учурунда
Бакытбек Сапаркулов