Кыргызстанда 1-июнь кичинекей жарандарыбызды, балдарды коргоо күнү — дүйнө коомчулугу менен биргеликте өткөн кылымдын 50-жылдарынан бери белгиленип келе жатат. Бул күн — балдар дайыма ата-эненин жана мамлекеттин камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин, алардын өмүрү менен ден соолугу, билими менен коопсуздугу, келечеги үчүн — жалпы коом жоопкер экенин дагы бир жолу эсибизге салган күн. Бул майрам облустук маанидеги Сүлүктү шаарында кандай деңгээлде белгиленди?
Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулова: “бизде жыл сайын белгиленип келе жаткандай эле 2021-жылы дагы “1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү” официалдуу түрдө белгиленди. Белгилей кетсем Сүлүктү шаардык мэриясы 14.05.2021-жылы “1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн татыктуу белгилеп өткөрүү жонүндө” №139-буйрук чыгарып, буйруктун аткарылуусун жеке көзөмөл кылдым. Алгач шаарыбыздын эс алуу багында майрамдык аземдин ачылуусунун салтанаттуу бөлүгү болду. Андан кийин борбордук аянтта таланттуу балдардын “Биздин балдар планетанын келечеги”-аттуу асфальтка сүрөт тартуу конкурсу болду, борбордук стадиондо өспүрүмдөр арасында аралыкка чуркоо боюнча мелдеш өткөрүлдү. Шаардык эс алуу багындагы бардык аттракциондор, бассейн балдар үчүн акысыз тейлөө көрсөттү. Концерттик номерлерди уюштурууда Сүлүктү шаарындагы балдарды реабилитациялоо борборундагы жана көмөкчү мектеп интернатындагы балдарды көбүрөөк катыштырып, аларды коомго аралаштыруу максаты болду. Бүгүнкү майрамдын өзгөчө жагы, аялуу балдарга да белектер берилди. Мисалы “Ахмат Кен” шахтасынын директору, коомдук ишмер Бакытбек Абдыназаров өз каражатынан 10 миң сомдук оюнчуктарды тапшырса, мэрия тарабынан 40 балага акчалай белектер тапшырылды. Балдар менен иштөө комиссиясында каттоодо турган балдардын ичинен 4 бала ачык эшик иш чарасына тартылды жана 2 миң сом акчалай жардам берилди”-деп маалымат берди.
Даярдаган: Бакытбек САПАРКУЛОВ