Ак-Талаа району боюнча жалпы 24048 шайлоочу бар. Учурда 21 шайлоо тилкесинде жарандар келип өз добуштарын берүүдө. Акыркы сааттарга алынган маалыматтар боюнча 21 шайлоо 9101 жаран добуш берген. Бул шайлоочулардын 37% түзөт.
Шайлоочулар добуш берүүдө
Шайлоочулар өз убагында тоскоолдуксуз тейленип жатат
Баетов айылындагы 4090 шайлоо тилкеси
18 жаштагы Кубанычбекова Эльвира биринчи жолу добуш берүүдө
Шайлоочулардын документтери көзөмөлдөнүүдө
Токтосун Казиев Борбордук Шайлоо комиссиясынын Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондору боюнча өкүлү
Борбордук Шайлоо комиссиясынын Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондору боюнча өкүлү Токтосун Казиевдин маалыматы боюнча шайлоочулардын шайлоого катыштыгы аба ырайына байланыштуу эртең мененки убакытта бир аз соолгун болсо, түштөн кийин активдешкен. Район боюнча шайлоо тилкелеринде мыйзам жана тартип бузуулар каттала элек.
Шайлоо алдында урналарга пломба басылды
Шайлоо комиссия мүчөлөрү чучу кулак кармоо учуру
Шайлоо участкаларында урналардын иштебей калышы же жарык өскөн жагдайлар дагы боло элек. Талап боюнча участканын ичинде темепратура 18градустан төмөн болгон кезде электронудк урналар бюллетенди албай кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Ал эми көчмө урна менен район боюнча 149 жаран добуш берген.
Ача-Кайыңдыда суукка байланыштуу шайлоого элдер кеч келишти
Барчын Мамытбекова