Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу эртеңден баштап мектеп окуучулары үйдөн окууга аргасыз болууда. 4-чейректин окуу программасындагы материалдар электрондук форматка көчүрүлүп, алар теле жана интернеттин жардамы менен берилет. Башталгыч класстар үчүн сабактарды КТРКнын «Баластан», 5-11-класстар үчүн ЭлТР дин «Илим Билим» каналдарынан жүгүртмөгө ылайык көрө алышат.
Ак-Талаа районунда мугалимдер карантин убагында окуу программасынын негизинде видео сабактарды даярдашты. Ошондой эле аралыктан окуучулар менен кайтарым байланыш жасоо үчүн ар кандай тиркемелерде иштөөнү үйрөнүштү.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев: «Аралыктан окутуу биринчи жолу болуп жаткандыктан чынында оор болду. Бирок бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган көп тиркемелердин негизинде мугалимдер өз алдынча онлайн жана видео сабактарды даярдоону үйрөнүштү. Техникалык каражаттарды колдонууда да кыйынчылыктар болду. Ал эми мектепке чейинки тарбиялануучулар болсо «Баластан» студиясынын «Балалык» жана «Наристе» программаларынан окушат. Тарбиячылар ата-энелерге маалымат берип турушат» дейт.
8-апрелден тарта мугалимдер класстарга вотсапп группалары аркылуу Зум, Мультисабак, Гугл бөлмө сыяктуу тиркемелерди колдонуп аралыктан сабак өтүшөт.
«Кыргызстан мындай кырдаалды биринчи жолу кечирип жаткандыктан аралыктан онлайн окутуу да биринчи жолу практикаланып жатат. Колубуздан келишинче даярданып жатбыз. Окуучуларга сабактардын жүгүртмөсүн мүмкүн болушунча ийкемдүү түздүк. Эгерде телевизордон сабакты көрүп жетишпей калса Мега 24 тиркемесинен көрүп алса болот»,- дейт Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору Астра Токтогулова.
Мындан ары аралыктан өтүлгөн сабактар, алардын жүрүшү, окуучулардын катышуусу жана ата-энелр, мугалимдер, окуучулардын пикирлерин жарыялап турабыз.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова