Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын чечими менен КРнын ЖКнин депутаты Мурадил Сыдыковго “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылды. Кеңештин төрайымы Гүлбарчын Самибаева айылдагы спорт залдын курулушу менен айыл элин куттуктады.
“Бүгүн айылыбызда чоң майрам болуп турат. Анткени айыл элинин абдан чон муктаждыгы болгон спорт зал бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Мында абдан көп адамдардын эмгеги, демилгеси бар. Айрыкча Мурадил Жанышбековичин эмгегин айта кетпесе болбойт. Бул жерден дүйнөгө өлкө желегин желбиреткен спорт чеберлери өсүп чыксын. Элибиздин эртенки келечеги үчүн мындай социалдык обьектилер дагы курула берсин” деди. Андан соң эл өкүлүнө Ардактуу атуул төш белгиси тагылды.
Ал эми айыл өкмөт башчысы Жыргалбек Маметов ак тилек менен ак калпак кийгизип, кементай жаап, бийлик өкүлдөрүн “камчылай бериңиз” деп камчы карматты. Мындан сырткары Мирлан Самыйкожо уулуна айыл өкмөттүн Ардак Грамотасын тапшырды.
Барчын Мамытбекова