Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жаңы үйлөнгөн жаштардын үлпөтүн белгилөө жана жаштар үчүн атайын эс алуучу жай уюштурулат. Аталган жай Кайыңды-Булак айылынын күн батыш тарабында орун алган.
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талант Турусбековдун берген маалыматына караганда эс алуу жайын уюштуруудагы негизги максат-айылда жаштар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү.
«Алардын бош убактыларын, ар кандай салтанаттарын өткөрүү үчүн же алар үйлөнгөндө атайын жоро-жолдоштору менен баруучу жайлар жок. Ошол себептүү колдонулбай, бош турган бетон боз үйдү көчүрүп келип, жаныртып, сырдап-акилеп, талкаланган жерлерин оңдоп-түзөп жатабыз. Быйыл айланасын тосуп, жолго шагыл төшөйбүз. Азыр эми тургундар жасалган нерсени маданияттуулук менен, бүлдүрбөй колдонот деп ишенебиз. Ошентсе дагы, көзөмөлдөө милдетин айыл башчы Кылыч Боталиев агабызга милдеттендирип жатабыз. Бул жерге каалоочулардын бардыгы келип, эс алыша алат»,- дейт.
Жаштар эс алуу жайын уюштуруу үчүн материалдар ишке жайгаштыруу бөлүмү тарабынан алынып берилген. Ал эми калган ишти Баетов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жасап жатышат.
Ал эми жашылдандыруу, суу киргизүү, жарыктандыруу сыяктуу иштер кийинки жылдын жаз алды менен жасаларын кошумчалады. Ошондой эле коопсуздукту сактоо да эске алынган.
Акталаада маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди
Барчын Мамытбекова