Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын 1994-жылы тууган жигиттеринен турган “RTS 94” командасы Тенир-Тоо лигасында биринчи орунду жеңип алышты.
Нарын-Теңир-Тоо” лигасы мындан төрт жыл мурун түзүлгөн. Аталган команда үчунчү сезондо ойноп, бирок ийгиликке жетише алган эмес. Лигада Нарын облусундагы бардык райондордун жана айылдардын футбол командалары ойнойт.
Команданын оюнчусу Темирлан Мисбековдун айтымында аталган футбол команданын курамын 1994-жылы туулган жигиттер түзөт.
“Азыр тайпалык оюндардан 4 команда мыкты оюн көрсөтүп алдыга чыктык. Дагы жарым финалдык эки оюн бар. Бирок 4 команда тең жогорку лигага ойнойбуз. Жумасына эки жолу сөзсүз тренировка кылабыз. Айылда жашап, бирок ар ишемби, жекшемби тренировкага келип кеткен оюнчулар бар”,- дейт.
Акталаада жаңы курулган футбол аянтынын ачылышы болду
Барчын Мамытбекова