Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде менталдык математика ийрими ачылганына аз убакыт болсо да ийгиликтери арбын. Жакында менталдык математика боюнча өткөн республикалык олимпиадага ийримдин жети мүчөсү катышып, алардын ичинен үчөө 1-орунду камсыз кылуу менен Пекин шаарында өтүүчү олимпиадага жолдомо алышкан.
Ийрим жетекчиси Нургүл Макелееванын айтымында, Кытайга Кыргызстандан жалпы 11 окуучу бараарын билдирди.
— Менталдык математика ийрими А.Абдраимов атындагы жана биздин мектепте бар. Ушул эки мектептин окуучуларынын ортосунда олимпиада жүргүздүк. Анан 1-2-3-орундарды алган окуучуларды республикалык олимпиадага алып бардык. Мен 7 окуучу алып баргам. Жетөөнүн үчөө биринчи орунду камсыз кылып, Кытайга жолдомо алышты. Ал эми бир окуучум 3-орунду алды. Кытайда өтүүчү олимпиадага Кыргызстандан 11 окуучу барат.
Учурда ийримге 27 окуучу катышып, эки орундуу сандарды абакус жана ой жүгүртүү аркылуу чыгара алышат. 4-класстын окуучусу Эрхан Сатарбеков бул ийрим ой жүгүртүүнү өстүрөт, 5 мүнөттө 40 эсеп чыгара алам дейт.
— Мектепте олимпиада болуп, мен 2-орунду алгам. Республикалык олимпиадага катышып, 1-орунду алдым. Үйдөн эки, үч орундуу сандарды кошуп, көбөйтүп, минута менен иштеп жатам. Беш минутада кырк эсеп чыгара алам.
Ал эми 5-класстын окуучусу Каны Керимбекова республикалык олипиадага кандайча катышып калганын айтып өттү.

— Мен мектептеги олимпиадада 2-орун алгам. Ошентип республикалык олимпиадага катышып, биринчини алдым. Негизи белгилүү бир убакытта бир нече эсеп чыгарышыбыз керек. Мен бир эле учурда эки башка ой жүгүртө алам. Тактап айтканда бир эле учурда ырдап, ошол эле учурда эсеп да чыгара берем.
Ийримдин мүчөсү Сабырбек 3-класстын окуучусу. Сабактарын абдан жакшы окуйт. Ийримге катышкандан бери ата-энесине да менталдык математиканы үйрөтүп жатканын айтат.
— Бул математиканын мага жакканы абакус менен чыгарат экен. Эс тутумду жакшыртып, ырларды бат жаттаганга жардам берет экен. Бул ийримге катышкандан бери атам менен апама да менталдык математиканы үйрөтүп жатам. Кытайга барууга даярдыктарым жакшы. Бул ой жүгүртүү математикасы кадимки математиканы оңой өздөштүргөнгө жардам берет.
Нургүл Макелеева менталдык математика боюнча Кытайдан Лини шаарынан окуп келген. Негизи ой жүгүртүү математикасы алты деңгээлде окутулат. Мектепке ийрим ачып жатканда окуучулар өздөштүрүп кете алар бекен деп тынчсызданганын айтат.
— Мен Кытайдан менталдык математика боюнча окуп келгенден кийин өзүм иштеген мектепке ийрим ачтым. Ачардан мурда окута аламбы, биздин балдар кытай окуучуларындай өздөштурүп кете алабы деп ойлондум. Коркуу сезимдери болду. Бирок окуучулардын окуганын, кызыгуусун көрүп, окутса болоруна ишендим. Өзүмдүн окуткан окуучуларыма аябай таң калдым. Анткени өздөштүрүп кетишти. Негизи беш мүнөттө үч орундуу, үч мамычалуу сандардан 48 эсеп чыгаруу керек. Окуучулар азыр ушул деңгээлге жетишти.

Үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда Кытайдын Пекин шаарында өтүүчү мамлекеттер аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан 11 окуучу катышмакчы. Учурда өздүгүн аныктоочу документтер даярдалып, менталдык математика боюнча машыктыруучу көнүгүүлөр өтүлүүдө.
Бул олимпиадага катышуу үчүн 16 миң сом өлчөмүндө акы төлөнөт. Бирок Кыргызстан биринчи жолу катышып жаткандыктан, катышуучулар олимпиадага өз каражаттары менен барып келишет.
Сынак үчүн даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!