Кыз ала качуу бүгүнкү күндө чоң көйгөй, кыз ала качкандар 5 жылдан 7 жылга жейин эркиндиктен ажыратылат. Ал эми Ислам дининде дагы ала качуу салт эмес жана күнөө болот дешет диний кызматкерлер.
Никеге туруу үчүн бала менен кыздын макулдулугу жана жашы 18ге же андан өйдө болушу зарыл экени баса белгиленет. Кыз ала качууда жоопкерчилик тууралуу Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн Суусамыр айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын майору Талгарт Жээнтай уулу төмөнкүлөргө токтолду:
“Ала качуу деген статья бар. Кыргыз Республикасынын кылымыш жаза кодексинин 172-беренесинде көргөзүлгөн “Никеге туруу максатында ала качуу” деген никеге туруу үчүн адамды ала качуу 5жылдан 7жылга чейинки мөөнөткө эркининен ажыратууга жазаланат. Жалпысынан 4 статья бар биринчи бул адам уурдо бул кылымыш жаза кодекисинин 165-беренесинде көргөзүлгөн төмөндөгүдөй жазалган учурларда эки же андан көп адамдарга карата , балага карата, кош бойлуу аялга карата андан тышкары кылымыш жаза кодексинин 174-беренесинде көрсөтүлгөн “Адамды никеге турууга мажбурлоо” Ошондой эле мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо никеге турбастан чогуу жашоого мажбурлоо ошол менен бирге адамдын никеге туруусунатосколдук кылуу. Бул боюнча 1000-2000ге чейинки эсептик көрсөткүчкө айып салууга же 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.
Бул бир көрсөткүч деген 100 сомго барабар 1000 көрсөткүч деген жүз миңден эки жүз миңге чейинки айып пул салууга болот же эркининен ажыратылат. Акыркы 2022-2023-жылдары Суусамыр айылында ала качуу каталган жок. Эгер кыз бала 16 жакшка чыгып үй-бүлөсү, ата-энесинин макулдугу менен 16 жашта турмушка чыккан учурлан болуп жатат болот. Ала качууга мен каршымын 18 жашка чыккандан кийин ата-энесинин макулдугу жок кыз физикалык дагы даяр болбойт ошол себептен өзүнүн убагында турмушка чыкканы туура деп ойлойм. Ала качып үйлөнү бул үй-бүлөнүн бат бузулушуна алып келиши мүмкүн себеби жашоонун оор-жеңилин кыйынчылыгын баштан өткөрбөй жаштыкка салып коюшкандар болуп жатат көрүп келе жатабыз ажырашууга алып келет. Жаштарга айтарым өз убактысында сүйлөшүп үйлөнүшсө ала качып өз тагдырларын дагы башка бирөнүн дагы тагдырын талкалабай.”
Ала качуунун кесепетинен “Кыздын барар жери күйөө” “Таш түшкөн жеринде оор” “Оту менен кирип күлү менен чык” деген стереотиптерди угуп, отуруп калган Асель айым (аты өзгөртүлдү) өз окуясы менен бөлүштү:
“Мен мындан 6 жыл мурун ала качып келишкен. Ал кезде мен 17 жашта элем эмне кыларымды билбей калгам. өз туугандарым ата-энем келишип алар дагы бул айылдан болгондуктан, “Кетсең биздин эл караган бетибизди жер каратасың” деп таштап кетишкен. Ал учурда мен төшөк маселесинен аябай кыйналдым. Ал кезде жаш болуп милицияга деле айтканды билбептирмин, азыр ойлонсом ошол кезде мен өзүмө кол салгым келип жүрдү, жашоо кызыксыз болду. Андан кийин боюмда болду. Төрөт учурунда дарыгерлер аябай урушуп, бир өлүмдөн калып төрөгөм. Учурда 2 кызым бар, бирок башында күйөөмдө көңүлүм жок, ата-энемди жаман көргөзгүм келбей, кыздарымды жетим кылып чоңойткум келбей жашаганга туура келип, жашап жүрдүм бара бара мен жолдошумду жактырдым ал мага болгон сүйүүсүн берип жакшы көрдү, мен дагы жакшы көрдүм. Бирок ошого чейинки жашоо абдан кыйын болду. Балким бул тагдыр Кудайдын маңдайга жазганынан эч жакка качып кете албайт экенбиз.”
Психолог Бактыгүл Кубатбекова кызды ала качкан эркектерди алсыз деп эсептеп күчкө салган эркектерди түшүнбөй турганын айтып жана ала качууга дуушар болгон адам психологиялык жактан жабыркайт экенин эске салып буларга токтолду.
“Ала качуу маселесине токтолсок, чындыгында ала качуу бүгүнкү күндө стереотипке айланып кеткен. Эмне себептен стереотип дегенде, заман өзгөрдү, адамдын аң сезими өзгөрдү, үй-бүлө маселесине үй-бүлө куруу жолдоруна карата көз караш өзгөрдү. Ошондуктан биздин апаларыбыз “ Бизди деле ала качып келип биз отуруп калганбыз” деген сыяктуу нерселер бүгүнкү күндө иштебейт. Себеби учурда макулдашуу, сүйлөшүп алуу, алдын ала бири-бирин мүнөзүн түшүнүп алуу, деген сыяктуу маалыматтар бар. Бирок биздин жаштардын арасында ала качууну колдонгон, аны колдогон үй-бүлөлөр бар, жаштар бар бул жерден психалогиянын көз карашында айтканда эгерде жаш жигит кыз менен сүйлөшө албаса, кыздын жанына баралбаса, кызга сөз ата албаса ал кийин кандай кылып үй-бүлөдө мамиле түзөт күчкө салып “мени жакшы көр” дейби.
Мен психолог катары түшүнө албайм ушул нерсени, ала качкан эркектерди алсыз деп эсептейм. Күчкө салып адамды “Мени эмнеге жакшы көрбөйсүн, апамды эмнеге сыйлабайсың”- деген суроонун өзү акылсыздык болуп эсептелет. Ошондуктан, албетте үй-бүлө куруу керек үй-бүлө бул адам баласынын жашоосунун маңызы, себеби, балалуу болуш керек ж.б. Бирок макулдашылбай түзүлгөн үй-бүлөнүн өзүнүн фундаменти начар бүгүнкү күндө. Албетте, ала качууга туш болгон адам адамдык күчкө салып сатып жиберүү мажбурлап, аны бир нерсеге макул кылуу менен дуушар болот. Ошондуктан психологиялык катту соккуга учурайт. Себеби, ойлонуп көрсөңүздөр эгерде силер каалабай жатканда күчкө салып бир нерсени кыл деп кыбаса башка жол жок экенин позицияны бере турган болсо башкача абалда калат. Сүйлөшпөй ала качып баш кошо турган болсо аягы жакшылык менен бүтүшү мүмкүн эмес».
Ал эми шариятта ала качуу туура эмес иш экенин Суусамыр айылындагы диний кызматкер Адилет Рыскулбеков мындайча түшүндүрдү.
“Ала качуу мусулмандардын дининде шариятта дагы жок. Ала качуу күнөө болуп эсептелет. Кыздын ата-энеси менен кудалашып, кыздын макулдугун алуу зарыл. Учурда кызы ала качкан соң үйдөн чыгарбай ар апалар босогого жатып “аттасаң бактысыз болуп каласың”-деген сыяктуу стереотиптер айтылат.
Кыз каргыштан коркпой, макул болбой коюга толук акысы бар экенин. Ала качуунун туура эмес экендигин коомчулукка мектептен баштап, түшүндүрүү кажет экенин. Антпесе мындай иш аракеттер токтобойт”.
Мырзалар кыздарды ала качып эмес сүйүп, жакшы көрүп, эки жактуу макулдашуу менен гана үйлөнүүсү керек.
Хамида Каримова