Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясына 19-20-июль 2023-жылы Кыргызстандын айылдарын өнүктүрүү долбоорун ишке ашырган «Saemaul Undong» кыймылынын волонтерлору келди. Окуучуларга бий, таэквондо, кол өнөрчүлүк, тамак жасоо боюнча мастер- класс өтүштү.
«Saemaul Undong» кыймылынын студент- волонтерлору
Сонг Вон Енг — Кореядагы Семаыль борборунун профессору:
«Биз Кыргызстан менен Кореянын карым-катышын, эки элдин достугун чыңдоо максатында «Saemaul Undong» кыймылынын волонтерлору — Кыргызстандын айылдарын өнүктүрүү долбоорунун алкагында келгенбиз. Семаыль университет клубунун студент- волонтерлору ушул долбоор менен иштеп келе жатышат. Бул Ашар кыймылынын долбооруна Кыргызстан абдан белгиленип киргизилген. Долбоорду ишке ашырууда студент- волонтерлорубуз айыл жергесиндеги мектеп менен да таанышуу иши бар. Анткени, волонтерлор өздөрунүн корей элинин маданиятын үйрөтүшөт. Бул мектепке биринчи жолу келдик. Мектептин кызматкерлери эки күн ичинде бизге жакшы маанай тартуулашты. Баарына рахматымды айтамын», -деди.
Менеджер Ю.Ханыль
«Биз окуучуларга Корея боюнча чакан маалымат берип, маданияты менен тааныштырдык. Окуучу балдарга «Кей-поп» бийин үйрөттүк. Корея Республикасында «Saemaul» деген сөз кыргыз тилинде «Ашар» дегенди түшүндүрөт. Волонтер студент жаштарыбыз корей элинин бийин, маданиятын, оюндарын, балдарга үйрөтүп, аларга көңүлдүү маанай тартуулоо максатында келгенбиз. Ошондой эле корей элинин «кимпаб» улуттук тамагын окуучу балдар менен чогуу биргеликте жасап, даамдадык. Кыргыз тилинде » суши» деп айтылган тамак. Эң белгилүү болгон таэквондону да окуучуларга көрсөтүп, үйрөттүк. Сиздердин балдар менен мастер класс өтүү абдан кызыктуу болду жана жакты», — деп оюн билдирди.
Менеджер Ли Кихван:
«Менин билишимче «Saemaul Undong» долбоору Кыргызстан менен 2016-жылдан баштап тыгыз байланышта иштеп келе жатат. Кыргызстан боюнча долбоордо чоң эки айыл бар. Долбоордогу эң биринчи айылдар Искра жана Кочкор. Экинчи болуп Жогорку Орок айылы эсептелет. Ал эми мектепке келгенибиздин себеби, планыбызда волонтерлордун айылда жайгашкан мектептин окуучулары менен да жолугушуу бар болчу. Биздин планда 30 окуучу мнене иштөө болчу. Жайкы эс алуу мезгили болгондуктан катышуучу окуучулардын саны 77 болду. Эки күндүк мастер класс жакшы өттү. Уюштуруучуларга рахматымды билдирем», — деди.
Динара Султаналиева, Берметкан Исабекова