Келечектеги кесиптер тууралуу АКШдагы Эмгек Статистика Бюросунун иликтөөсү жарыяланган. Анда, учурдагы статистикалык маалыматтарга таянып, алдыңкы 30 жылдагы актуалдуу кесиптерге божомол жасоого болоору маалымдалган.
Эмгек рыногу дайым өзгөрүп турат жана өзгөрүүлөр ылдамыраак болушу толук ыктымал. Мисалга алсак, мындан 50 жыл мурун бүгүнкү заманбап кесиптер тууралуу “жомок” деп айтууга мүмкүн болчу. Бирок, алар реалдуулукта иш жүзүнө ашып жатат. Эмгек рыногу технологиянын өнүгүүсү менен дагы да өзгөрөөрү белгилүү дейт адистер.
Иллюстрация. Алдыңкы 30 жылдагы перспективдүү кесиптер аталды.
2028-жылдан кийин кайсы кесиптер көп суроо талапка ээ болот?
Эмгек Статистикасы Бюросунун (BLS) божомолуна ылайык, төмөнкү кесиптерге көп суроо – талап жаралат:
Компьютердик жана математикалык адистиктер (айрыкча: аналитиктер, программисттер жана маалымат коопсуздугун талдоочулар)
Саламаттыкты сактоо жана медициналык колдоо (айрыкча: психикалык саламаттыкты сактоо адистери, диагностика багытындагы медициналык кызматкерлер, медайымдар, жеке тейлөө жана үйдөгү медициналык кызматкерлер)
Терапевттер жана кеңешчилер (айрыкча: физикалык терапевттер, респиратордук же үй-бүлөлүк терапевттер, баңги заттарды колдонуу боюнча кеңешчилер, социалдык кызматкерлер, логопеддер жана лингвисттер)
Маркетинг боюнча адистер (айрыкча: базарды изилдөө боюнча аналитиктер жана маркетинг боюнча адистер)
Курулуш тармагындагы адистер (айрыкча: кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү)
Медиа жана байланыш кызматкерлери (айрыкча: операторлор жана редакторлор, котормочулар)
Операция адистиги (финансылык менеджерлер, компьютердик маалымат тутумдарынын менеджерлери)
Изилдөөгө ылайык, Саламаттыкты сактоо тармагындагы жумуштар жакын арада алдын ала болжолдонгон чоң өсүшкө ээ болуп, келечектеги мыкты карьералар кесиптер тизмесине кирген.
Суроо талапка ээ болгон жаңы кесиптер
Келечектеги кээ бир мыкты жумуштар эми гана суроо талапка ээ боло баштаса, айрымдары ойлоп табыла элек. Бирок, учурдагы божомолдорго ылайык, төмөндөгү кесиптин ээлери бир топ ийгиликке жетишээри дагы айтылган.
Генетикалык консультанттар
Маалымат детективдери
Өрт өчүрүү жана алдын алуу боюнча адистер
Үйдөгү медициналык тейлөө кызматкерлери
Робототехника жана жасалма интеллект (AI)
Күн энергиясы боюнча адистер (PV орнотуучулары ж.б.)