Ак-Талаа районундагы бала бакчалардын үч тарбиячысы учурда Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бектур Исаковдун 80, «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын 8 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан «Мыкты тарбиячы-2022» сынагына катышты.
Сынактын жыйынтыгына арналган салтанат бүгүн 4-июнда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөрүлүп, жеңүүчүлөр сыйланды.
Республикалык «Мугалим» журналынын башкы редактору Рахат Сулайманованын маалыматына караганда сынак ушул жылдын башында жарыяланып, ага катышуу үчүн 120дан ашык тарбиячы билдирме калтырган. Мунун ичинен 48 тарбиячы финалга чыкты.
«Негизи сынактардын көпчүлүгү мектеп мугалимдерди арасында өтүлүп, бала бакчалардын тарбиячылары маани берилчү эмес. Бул жолу тарбия башаты-бала бакча» деп тарбиячыларга көңүл буруп жатабыз. Апрель-май айларында онлайн-сынак болду. 48 тарбиячы 2 багыт, 6 шарт боюнча финалга чейин ат салышты. Тактап айтканда китеп окуу сынагы болду. Педагогикалык-психологиялык, интеллектуалдык жана кесибине байланыштуу тесттен өтүштү. Катышуучулар бардыгын онлайн көрүп турушту. Сынактын негизги максаты чыгармачылыгын өстүрүү, тажрыйба алмаштыруу, башка аймактагы кесиптештери менен байланыш түздүрүү болчу» дейт.
Ал эми аталган сынакка Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы «Бөбөктай» бала бакчасынын тарбиячысы Мамытова Шаазат катышып, 3-орунду камсыз кылгандыгы үчүн статуэтка, Грамота жана Диплом менен сыйланды. Ошондой эле сынакка жигердүү катышкандыгы үчүн «Тынчтык» балдар бакчасынын тарбиячысы Осипа Муратжановага Кыргызстан Аялдар Конгрессинин жана «Мугалим» журналынын Ардак Грамоталары тапшырылды. Альбина Муратжановага дагы «Мугалим» журналынын Ардак Грамотасы ыйгарылды.
Альбина Жумамүдүн кызынын айтмында мындай сынак тарбиячылар арасында биринчи жолу уюштурулуп, өз ара тажрыйба алмашууга, усулдук жардам берүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк болду.
Барчын Мамытбекова