«Алма-бак» жаны конушу Тасма айылынын күн батыш тарабында жайгашкан. Ал жерде жашаган тургундар электр-энергиясынын кубаты аз болуп жатканына нааразы.
«Алма-бак» конушунун тургуну Лиза Кыдырбаева бул көйгөй чечилбей жатканына нааразы.
« Биздин жердеги светтин абалы жайында деле, кышында деле начар куйөт. Балдар мектепке даярдануусуна абдан жолтоо болот. Биз нечен жолу айыл өкмөтунө кайрылдык, ооба жасап берем деп коюп эле жоопторун туура айтпай бизди ушу кунгө чейин кыйнап келатат. Биз ушул жерге жашагандан бери эле абал ушундай. Свет жакшы жетпейт, анткени башында эле өзүбүз койгонбуз. Зымдардын ар кайсы жеринде оролгон жерлери бар, негизи мындай болбошу керек түптүз бойдон келиши керек ошондо да кичине күчтүү болмок. Ошол себептен да ушундай акча каражатыбызга жараша эле коюп алганбыз. Айылдын чекесинде жайгашканыбызга да светтин кубаттуулугу өтө аз. Акимге да кайрылганбыз акимге мен үч жолу бардым мына жардам кылам, ана кылам, айыл өкмөтүңөргө бар дейт,ал менин колумдан эмне келмек эле деди. Ошентип эми келээрки жылга планга киргизели деди. Биз дагы элдер жөн жатпай акча чогултканбыз айыл өкмөткө тыгынчык болсун деп.»
Жаны конушунун тургуну Талант Кыдышов электр-энергиясынын кубаты өтө эле төмөн экенин, кечкисин электр жарыгына караганда лампа жарык болорун айтат:
«Бизде свет начар күйбөйт, бардыгы бир зымда олтурат. Айыл өкмөтүнө деле канча жолу кайрылдык, жаздан бери эле кайрылып келе жатабыз эч пайда жок свет берсе жакшы болот эле.Сыналгы көрбөй калабыз кечинде кап карангы, балдар сабак окуганда көздөрү ооруйт».
«Алма-бак» конушунун кичинекей тургунун да бул маселе кайдыгер калтырбайт. Айнагул Кары кызы сабакка даярданып жатканда ден соолугуна зыян келтирип жатканын айтат:
«Биз жакта светтин абалы абдан начар түнкүсүн караңгыдай эле көрүнөт. Сабак окуп жатканда көзүм ооруйт. Биз жакта свет жакшы күйүп жаркырап турса деп ойлойм.»
Бул айтып жаткан маселе боюнча кандай иш чара өтүп жатканы тууралуу Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыковко кайрылдык:
-Сизге «Алма-бак» жергесинде жашагандар бул маселе тууралуу кайрылды беле?
-Кайрылган, бирок баардык эле маселе каржы жагына барып такалат. Законду мыйзамды карап келсек, ал конуштарга биз жергиликтүү бийлик жасашыбыз керек . Акча РЭСке тушуп жатат, түздөн- түз бюджетти бекиткенде акча буга каралбай калган ошон үчүн жасаганга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Негизи чечүү бизге жергиликтүү бийликке жүктөлгөн.
-Чечүү үчүн кандай иш чараларды өткөрдүңүздөр?
Бюджетти бекитебиз анын баары каражаттан. Элдер налогду өз убагында төлөш керек, анан ошондон кийин чечилчү маселе да бул.
-Ал жердеги адамдардын маселеси качан чечилет?
-«Биз алар менен кезиккенде да айтканбыз жалгыз айыл өкмөттүн бюджетинен чыкчу иш эмес, бул чон акча каражатын талап кылат. Долбоор — дем берүүчү грант жазгыла деп айтканбыз, анан биз бюджеттин эсебинен 10%тен 15% чейин кошуп беребиз».
Бул жердеги электр-энергия көйгөйүн чечиш үчүн жергиликтүү элдердин жана айыл өкмөт менен биргеликте иш алып барат деп ишенебиз.
Даярдагандар: Кубатбекова Айгерим Бейшебаев Саламат.