Карасаев айыл өкмөтүндө акыркы жылдары майып балдардын көп төрөлүшүнө байланыштуу Тасма айылында 2012-жылдын июнь айында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүү борбору ачылган, бирок кандайдыр бир себептер менен дагы эле ишке кире элек.
Бул тууралуу кененирээк билүү үчүн долбоордун жетекчиси Кемпирова Айнакан эжеге кайрылдык.
Биздин айыл өкмөт Бириккен улуттар уюму менен Европа биримдиги «Социалдык акыйкатка жетүүгө ак ниет башкарууну илгерилетүү» долбоорунун алкагында пилоттук болуп кирген. Жалпы суммасы 254 миң 932 сом болгон долбоор каржыланган, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 192 миң сом бөлүнгөн. Ал эми долбоордун акчасына керектүү буюмдар менен жабдуулар сатып алынган мисалы, ичине ысык суу киргизилген жана эмеректер алынган. Борбордо иштөөчүлөрдүн маянасын долбоордун негизинде колдоого алынган эмес. Реабилитациялык борбор 30 мүмкүнчүлүгү чектелген балага ылайыктуу, буйруса күндүзгү 1-2 сааттык кылып ачууну пландаштырып жатабыз. Азыркы учурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган иш чаралар өтүп жатат . Негизи окуйм деп далаалат кылган балдар көп, алар өзүлөрүнүн мектебине келгенде жыргап ойноп калышат, спорттук класс, сабак окуй турган, жекече отура турган класстары бар.
Тасма айылынын тургуну үч майып баланын энеси Айдай эже ачылган борбор тууралуу төмөндөгүлөрдү айтат. -Борбордун ачылышы биз үчүн жакшы болду. Эгер иштесе мүмкүнчүлүгү чектелген балдар аз убакыт болсо да, элге аралашып көнүлдөрү ачылып калат эле.
Тасма айылынын акушер мед айымы Бактыгүл айым майып балдардын көп төрөлүүсүнүн себеби тууралуу төмөндөгүлөрдү айтат. Майып балдардын көп төрөлүшүнүн себеби энелердин кан аздыгы, тукум куучулук оорулары жашоо шартынын начардыгы болочок энелердин өз убагында акчанын аздыгынан дарыланышпай, эркектердин жумушсуздугу терс көрүнүштөр менен күн өткөрүү арак, тамекинин колдонулушу да себеп.
Бул көрүнүштүн алдын алуу үчүн кандай иш чараларды көрүү керек?
Боюнда бар кезде жаш келиндер убагында врачтардын көзөмөлүндө болуш керек, врачтардын берилген сунуштарын так аткаруусу зарыл. Бул майыптар борбору эртерээк ачылып, балдардын жүзүнө күлкү жайнашына тилектешпиз.
Даярдагандар: Темирбек кызы Бекзада, Нурлан кызы Перизат.