Ноокат өрөөнүнүн климаты алма өстүрүүгө ыңгайлуу келип, Ноокат алмасы башкалардан даамдуулугу менен айырмаланып турат. Күркүрөгөн күз мезгилинин октябрь айы алманын бышып, жетилген мезгили болуп эсептелет. Учурда алма терүү иши кызуу жүрүүдө.
Шанкол айылынын тургундарынын ар бир үйүнөн алма бактарын кезиктирүүгө болот. Айылдын тургуну Айтматова Айнура өзүнүн 10 сотых үлүш жерине алма отургузуп, бак тиккен. Өзүнүн дыйканчылыгы тууралуу төмөнкулөрдү айтып берди: «Мен үлүш жеримдин 10 сотых жерине алма бак отургузгам. 50 түп алма бар, аларды отургузганыма 10 жыл болуп калды. Жаз алды менен жакшы карап , чикенкелеп, бутап караган мезгилде 4 тонна, болбоду дегенде 2 тонна алма алабыз. Багымда баарысы кызыл крипсон алма», — деди Айтматова Айнура.
Алма өстүрүүнүн да өзүнчө түйшүгү бар. Жаз алды менен даракты бутоо иштерин жүргүзбөсө, түшүмдүүлүгү начар болуп калышы мүмкүн. Мындан сырткары алма мыкты жетилип, чоноюшу үчүн дарылоо иштери да кыйынчылыкты жаратат. Жалпысынан 10 сотых жер үчүн 5 мин сомдой акча коротулат.
Айыл тургундарынын айтуусу боюнча алма өстүрүүнү негизги жумуш деп эсептөөгө болбойт, бул жөн гана кошумча жумуш катары эсептелинет. Бул тууралуу: «Мен өзүм «Мол булак» финансы кредиттик компаниясында иштейм, бул дыйканчылыгым жумуштан сырткаркы кирешем болуп эсептелет», — дейт айыл тургуну Айтматова Айнура.
Келечекте бактын аянтын кеңейтүү жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу пландары бар.
Даярдаган: Орозмамат кызы Мээрим.