27-октябрда «Кеңеш нуру» мультимедия борборуна карды ээрчитип Каарманбек Кулуев медиатренер келди.
«Менин негизги максатым мобилдик телефон аркылуу жаңылык жазганды үйрөтүү»,-дейт Кулуев Каарманбек.
Каарманбек келген күнү биздин айылга алгачкы кар жаады жана график боюнча свет өчтү.
«Анткен менен куумайдандыктар мындай шартка даяр»,-деди Абсатаров Жеңишбек, аталган мультимедия борбордун координатору.
Свет маселесин чечиш үчүн айыл өкмөтүнүн ток генератору иштеп жатат.
Даярдаган: Тойчубай уулу Баяман