Куу Майдан айылы Ноокат районунун борборунан 10-12 км алыстыкта жайгашкан. Ал эми айыл тургундары буга чейин ар кандай маарекелерди тосууда жана конок сыйлоо үчүн райондун борборуна келип, чайканаларга тамак-аш даярдоо үчүн буюртмаларды берип келген.
Айыл тургундары болсо айылдын ортосунан орун алган чайкана элдин чайканага болгон көйгөйүнун н чечилүүсүнө ыраазычылыктарын айтышууда.
“Кочкор-Ата” чайканасынын ар дайымкы кардары Айсулуу эже төмөнкүлөргө токтолду.
«Мен бул чайканага досторумду сыйлоо үчүн ашка буйрутма берүүгө келдим. Себеби бул жерге келип кайсыл убакытта болбосун үйлөрүбүзгө кайтууга да болот. Ашкананын кызматкерлери кардарларды жакшы тейлешет, ашпозчулары даамдуу тамактарды даярдашат», — деди чайкананын кардары Айсулуу эже.
Даярдаган: Абсатаров Жеңишбек