Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында да күзгү мол түшүм жыйнала баштады. Айрыкча Куу-Майдан айылында алмалар жакшы түшүм берди.


Көп үй-бүлөлөр өздөрүнүн алма багынан тонналаган алмаларды алышты. Сайдазим Исламовдун алма багына барганыбызда үй-бүлөсү менен алма терип жатышыптыр. Алмасы өтө жакшы болуп, шактары ийилип, жерге тийейин деп турат.


Аялы Мария Абжалиеванын айтымында:
«Былтыркы жылы алманын түшүмү көп болгон. Бирок баасы арзан болуп 25 сомдон сатканбыз. Быйыл былтыркы жылга караганда бир аз азыраак болду, бирок ошондо да 4-5 тонна чыгат деп турабыз. Быйылкы жылы алманын баасы жакшы болуп, кардарлар келип атат. Биз буйруса 40-50 сомдон сатабыз деп турабыз. Алмадан мол түшүм алыш үчүн көп эмгек керек. Күз мезгиленен баштап эле алманын түбүн жумшартып, көң салып, түбүнө дары бериш керек. Жазында алманын бутактарын суюлтуп этап-этабы менен даарылап туруш керек. Сууну убагында сугаруу керек»,-деп билдирди.
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева