Кемин районунун Шабдан айылынын Жаштар уюмунун башчысы Султангазиев Эрлан жаштардын уюму тууралуу айтып берди. 10 жылга жакындап калган аралыкта айыл жаштарынын кызыгуусун арттырып, спорт боюнча оюндарды уюштуруп, андан тышкары койгойлуу маселелер болсо чогуу кеңешип чечип турушарын билдирди.
Айыл жаштары Жаштар уюмуна колдоо көрсөтүп, демилге көтөрүп ар түрдүү иш- чараларды уюштуруп жатканын айтып берди. Бирок учурда мурунку жылдарга салыштырмалуу жаштардын саны азайып баратканын айтты. Жумушсуздуктан азайуулар болуп жатканын билдирди.
Бул долбоор Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фонд тарабынан каржыланууда.
Даярдаган: Гульзат Байгазинова