Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңеште же болбосо мамлекеттик органдарда иштеген жаштар аздык кылат. Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты, жайыт комитетинин төрагасы Зоодан Асаналиев: “Мунун бирден бир себеби, жаштардын көбү шаар жеринде иш кылышат. Айылга келе турган болсо, аларга жумуш орундарын түзүп берүү керек”-, деген ойдо.
Муну менен катар ал азыркы учурдагы жергиликтүү кеңештеги жаш деп аталаган депутаттар активдүү, маселе чечүүдө орду чоң деп эсептейт.
Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин мугалими Самат Аргымбаев, Суусамыр жаштары саястй багытта болбосо дагы спортту өнүктүрүүдө салым кошуп жана кайрымдуулук иштерин жасап, айылдын өнүгүшүнө салым кошуп жатат деп белгиледи.
Программанын кайталоосун Суусамыр жамааттык радиосунун фейсбук баракчасынан же болбосо 22-октябрь күнү саат 18:30 да 103.00 толкунунан уга аласыздар!
Маектешкен: Зыйнат Самар кызы