Кызыл- Булак мультимедиа борборунда айыл башчыларынын ишмердүүлүгү жөнүндө «Демократия сааты» уктуруусунда түз эфир болуп өттү. Конок катары Кулатов айыл өкмөтүнүн айыл башчылары өздөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип кетишти.
Эфирге конок катары Кулатов айыл өкмөтүндөгү айыл башчылары Маткаримов Курсан мырза жана Чодонова Өктөм айымдар болушту. Эфирдин жүрүшүндө айыл башчылар Кулатов айылында 5 айыл башчы эмгектенерин айтып өттү. Айыл башчыларынын негизги максаты калкка ар тараптуу жардам көрсөтүү экенин баса белгилешти. Айылдагы социалдык абал, азык-түлүк программасы, жолдордун абалы жана билим берүү мекемелери менен иш алып барышат. Эфирде калк арасынан алынган сурамжылоонун негизинде талкуу болду. Аткарылган иштери өтө көп экендигин белгилеп, мындан ары да аткарылуучу иштерди пландап, ишке ашырарын баса белгилеп кетишти.
Даярдаган: Дарбишева Айлар, Жалалова Таңнуру