Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кулуштан айылында биринчи жолу «Нур-белек» балдар бакчасы ачылды. Бала бакча жалпы 75 балага ылайыкташтырылган.
«Нур белек» балдар бакчасы 2018-жылдан баштап, Т.Кулатов атындагы өкмөтү тарабынан курула баштаган. 2019-жылдын 19-октябрь күнү ачылуу аземи болуп ишке берилди. Ачылуу аземине көптөгөн коноктор келди. Бөбөктөрдүн концерттик программасына күбө болушту.
«Нур-белек» бала-бакчасы заман талабына ылайык өрт жана техникалык коопсуздук эрежелерине шайкеш курулган. Бала-бакча үчүн айыл өкмөтү тарабынан 17 млн сом ажыратылган. Бала бакчанын жалпы 17 бөлмөдөн туруп, сырткы балдар өйноочу аянтчалары, от жагуучу жер, сырткы даараткана көмүр төгүүчү жай бүткөрүлгөн. Андан сырткары, жасалгалоо иштерине да айыл өкмөтү өз салымын кошкон. Ата-энелер тарабынан да 260 миң сом акча каражаты жыйналып, ал акчага балдар үчун жууркан, идиш -аяк, килемдер, балдар үчүн окуу куралдар менен камсыз болушту.
Бала бакчанын ачылышына айыл тургундары келип катышып,к убанычтарын кошо бөлүштү.
Даярдаган: Дарбишова Айлар, Жалалова Таңнуру