Суусамыр FM радиосунда Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фонд тарабынан каржыланып жаткан “Демократия сааты” добоорунун алкагында “Аялдардын депутаттыктагы орду, алардын мындан аркы кадамдары” туурасында талкуу болду.
Студияда Суусамыр айылдык №7346 шайлоо участкасынын жана айылдык ден соолук комитетинин мүчөсү Нурзат Ракымбаева жана Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин мугалими Канболот кызы Элиза конокто болушту. Алар аялдардын депутаттыкта аздыгынын бирден бир себеби өздөрүнө ишенбейт, активдүү эмес деген ойдо. Эгер активдүү, эл үчүн иштейм деген айымдар болсо да аларды айымдар өздөрү да колдобойт деген ойдо. Бирок ошол эле учурда бул мыйзамды колдоорун айтышты. Эфирдин кайталоосун 21-октябрь, саат 18:30 да Суусамыр FM радиосунан угуңуздар!
Маектешкен: Зыйнат Самар кызы