Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылынын айыл өкмөтүндө жыйын уюштурулду. Жыйында жакынкы аралыкта Соң-Көл көлүн сактоо боюнча фестиваль болору айтылды.
“Туруктуу өнүгүү стратегиясынын институту” коомдук фондунун программдык менеджери Анара Момунова
Соң — Көл көлүн сактоо, ал жакта жайгашкан экосистеманы, жайытты жана ал жердеги ландшафтты сактоо боюнча долбоор иштеп жатат. Соң — Көлдү жайыт катары гана колдонуп келишкен. Бирок ал жерде жапайы жаныбарлар, куштар, дары чөптөр бар. Биология кандидаты Давлетбаков Аскар Темирбекович куштар боюнча, Мыскал Канбаева чөптөрдү изилдеп кеткен.
Соң – Көлдүн Кыргызстан үчүн гана эмес, дүйнөлүк мааниси өтө зор. Соң — Көлдө өтө көп көйгөйлөр бар экен. Биз ошолорду алып чыгып жергиликтүү эл, жаштар менен иш алып баралы деп биринчи кадамдарды таштап жатабыз. Бул долбоор эки долбоордон турат. Бирин шведдер колдоду, бирин “Сатаяма” фонду колдоду.
Режиссер — коюучу Жунусов Илгиз
Чолпон айылына келгенибиздин максаты Соң – Көлдүн касиетин, жайыттарын, жаратылышын коргоо жаатында болгон долбоордун негизинде Соң – Көлдөгү тарыхый уламыштар аркылуу, болгон окуялар аркылуу жергиликтүү элдерге, жаш муундарга жердин ыйыктыгы, касиеттүүлүгү, жаратылыштагы адам баласы менен болгон байланышты чагылдыруу аркылуу адамдарга болгон мамилесин жакшыртуу, аярлык мамилеге үндөө, ошондой эле жаш муундарга лидерлик сапатын ойготуу болуп саналат.
Фонддун кызматкерлери менен келип жергиликтүү мектеп мугалимдери, жайыт башчылары менен биринчи сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк, кудай буюрса жемиштүү болду деп ойлойм. Июндун баштарында Соң – Көлдү сактоо, жаратылышты коргоо жаатында фестиваль өткөрсөк деген ой болуп жатат. Мен режиссер – коюучу катары даярдыктар жөнүндө сүйлөштүм.
Гулира Сатарова