Кочкор районуна караштуу Ак-кыя айыл өкмөтүнүн Кара- Суу айылында көп жылдан бери таштанды маселеси чечилбей келүүдө. Акыркы учурда жергиликтүү тургундар ал жерге таштанды гана эмес, малдын өлүгүн дагы ыргытышууда.
Негизинен таштанды маселеси айыл өкмөт тарабынан колго алынган. Ага карабастан кээ бир айыл тургундары азыркы убакытка чейин таштанды таштап кетишүүдө. Бир гана Кара –Суу айыл тургундары эмес кошуна айылдын тургундары да залакасын тийгизүүдө. Күндүн жылыганына байланыштуу таштандыдан жана малдын өлүгүнөн чыккан жагымсыз жыт айыл тургундарын дүрбөлөңгө салууда.
«Таштанды төгүүчү жер айылдан өтө алыс эмес жерде жайгашкан. Үлүш жерибиз ошол жерде, азыркы учурда арпа-буудайыбызды сугарганы бат-бат каттайбыз. Ал жерди жолбун иттер байырлап алышкан, ошол жерден көбөйүшүп, ошол жерге жайылган малга кол салып,айыл элине зыянын тийгизүүдө. Таштандыга ташталган желим баштыктар учуп, аны кайра уйлар жана койлор жеп, ар кандай дарттарга чалдыгууда. Биз бул боюнча айыл өкмөткө кайрылуу жасаганбыз, алар ошол жерге таштанды таштоого тыюу салган. Бирок айыл эли буйрукка баш ийбестен, өз билгендерин кылууда»,-дейт айыл тургуну Тенти Искендеров.
Бул маселе тууралуу Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси Радмир Асаналиев буларга токтолду:
« Бул уйлардагы биркалардын номерлери боюнча тактаганда мал ээлери Ысык-Көл облусуна караштуу Темировка айылынын тургунуна таандык болуп чыкты. Негизи малдын өлүгүн таштоо үчүн атайын айылдан 2-3 километр алыстыкта «Беккари» чуңкуру бар. Бул малдар биздин районго сатылып келген, бирок биздин айыл өкмөткө катталган эмес. Уйлар көрүнүп тургандай оорушкан, демек бул убагында эмдөө болгон эмес, алдын ала чара көрүлгөн эмес дегендик. Эмдөө эмне үчүн керек, мал дарыланбаса андагы оорулар бизге дагы жугат. Баарыңыздарды малды эмдетүүгө чакырам».
Көйгөйдү чечүү жолдору тууралуу Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Айылдык Кеңешинин депутаты Сейит Исаев менен маек курдук:
«Бул маселе тууралуу ар бир сессияда айтылып келет. Айыл тургундарынын жана экотехинспекциядан көптөгөн кайрылуулар түшкөн. Азыркы учурда таштанды таштоого жаңы жерлер изделүүдө жана көптөгөн сунуштар түшүүдө. Сунуштардын көпчүлүгү «Чап» участогуна багытталууда, бирок ал жерде тарыхый эстеликтердин калдыктарынын болушу тоскоол болууда. Таштанды төгүүчү жерде агын суу жана көрүстөн болбошу керек. Ошол себептен андан башка жерлер каралууда. Бул маселенин чечилишин дагы көзөмөлгө алабыз».
Таштанды төгүүчү жерге жакын жашаган айыл тургуну Жылдыз Сатыбалдиева мындай ой-пикирин билдирди:
«Айыл тургундарынын бардыгы эле бул көрүнүшкө каршыбыз. Ал жакка ташталган малдын өлүгүнөн уулу заттар бөлүнүп, ар кандай дарттардын булагы болууда. Бул көйгөй негизинен бир гана айыл өкмөттүн күчү менен чечилүүчү нерсе эмес, жалпы айыл элинин күчү менен чечиле турчу маселе. Бул ишке жапа тырмак киришип, таштанды маселесин чечишибиз керек. Кийинки келечек муунга таза айыл, таза коомду өткөрүп беришибиз абзел».
Таза коом демекчи «Ак-Кыя сервис» тазалык ишканасынын башчысы Нурбек Турпаналиев өз оюн мындайча билдирди:
«Биздин ишкана Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн таза суусун жана экологиясынын тазалыгын көзөмөлдөйт. Айыл көйгөйү болуп жаткан таштандыны башка жерге көчүрүүгө полигонду жаңы таптык. Жалпысынан таштанды төгүүчү жерди башка жакка көчүрүүнү колго алганбыз.Таштанды төгүүчү жердин жоктугуна байланыштуу айыл элинин таштандыларын 2 аптада бир чогултуу каралган. Бирок айыл тургундары 2 аптага чейин чыдабай, таштандыларды көрүнгөн жерге ыргытышууда. Айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек эски таштанды төгүүчү жайдын ордун тазалап башка максатта пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүүдө. 1-2 айдын ичинде жаңы полигон ачылып, таштанды ошол жерге төгүлүп баштайт. Учурдан пайдаланып айыл элин таштандынын акысын өз убагында төлөп турууга чакырат элем ».
Ошентип, айыл тургундарынын көйгөйү болгон таштанды маселеси чечилүү алдында турат. Бирок айыл калкынын чыдамсыздыгынын кесепетинен өзүлөрүнүн ден соолугуна залакасын тийгизүүдө. Ошондо бул окуянын чыгышына айыл эли күнөөлүбү же жогору жактагыларбы?
Азима Шакирова