Сары-Булак айылында көп жылдардан бери балык менен соода-сатык кылгандар бар. Алар чакан балык сатуу менен башташса, бүгүнкү күндө заман талабына ылайык чоң-чоң кафелерди да курушуп, көптөгөн кардарларды өздөрүнө тартып келишүүдө.
«Сары-Булак айылына атайын балык жеп кетели деп алыстан келгендер да бар, кээ бири муну адатка да айлантып алышкан. Ар бир кардардын талабын так аткарууга аракет кылабыз. Өзүбүз Кочкор айылынан болсок да 23 жылдан бери ушул айылда эмгектенебиз. Бул айылды балык менен ишкердик кылууга абдан ылайыктуу жер деп билем», — дейт Айтбүбү Осмонова.
«2 жылдан бери Соң-Көлдөн балыктар алынып келинбей калган, себеби канча бир жылга тыюу салынган. А азыркы сатылып жаткан балыктар Россиядан, Орто-Токойдон, Ысык-Көлдөн, Кочкордон, Чүйдөн алынып келинет. Балыктын баалары ар кандай, көлөмүнө жараша. Ишкерлик кылууну өздөштүрүп кетсе жакшы. Мисалы биз ушул бизнес менен балдарды окуттук, баары менен камсыз кылдык дегендей. Кошумча азык-түлүк дүкөнүн ачтык. Андан сырткары бул жерге алыскы аймактардан жүк ташыган, товар ташыган камаздар көп өткөндүктөн, кечкисин эс алууга деп, чакан мейманкана да ачтык. Булардын баары замандын муктаждыгы экен. Элдер бул ачылыштарга нааразы деле болгон жок, тескерисинче ыраазычылыгын билдирүүшүүдө», -дейт ишкер айым.
Бул кафе «Соң-Көл» кафеси деп аталат. Мында жумушчулар да мыкты кызматтарды аткарышат. Кафе 100дөн ашык кардарга ылайык салынган.
«Ишкерлик кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болуш керек. Бирде ылдый болот, бирде өйдө болот аларга чыдаш керек. Бизнес, акча деген эмне аны акыл менен туя билиш керек. Кардарларда жаман ойлор туулдбаш үчүн таза, так иштеш керек. Кызматчылырга жакшы мамиле кылыш керек. Мына ушулардын баары эле билим болуп саналат экен. Замандын талабына ылайык өнүгүш керек экен, биз да ошол катарда келе жатабыз»-дейт Айтбүбү Осмонова
Бурул Майрамбек кызы