Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнө айыл эли түз эфирден суроолорун бере алат. Түз эфирде айыл көйгөйү, мал чарбачылыгы жана жеке инсандардын кайрылууларына Эркин Муслимович 40 мүнөттүк эфирде жооп берди.
Айына бир жолу өткөрүлүүчү түз эфирлерге айыл эли активдүү катыша баштады. Бул жолку чыгарылышта малдардын вакцинациядан өтүшү боюнча кенен маалымат берди.
Андан тышкары, көчөлөрдүн шагыл төгүлүшү, ар бир үйгө кирчи суу маселеси жана жеке инсандардан келген суроолор болду. Маалымат менен кенен таанышуу үчүн төмөндөгү видеодон көрө аласыз.
Айзат Түмөнбаева