Ушул жылдын башынан тарта Алмаз Арапов деген ысым коомчулукта кеӊири тарап баштады. Ал адамды карап отуруп, бир убакта биз күткөн үмүттөр ишке ашып жаткандай сезилет. Чет – өлкөгө окууга кетип жаткан ар бир Кыргызстандыктын ата- энеси, туугандары албетте, “кайтып келип Мекениӊе кызмат кыл”- деп кеп-кеӊешин, батасын берет. Мындан дээрлик 20 жыл мурда Америка, Жапония, Германияга билим алуу үчүн кеткен Алмаз мырза ушул жылы Кыргызстанга көчүп келди. Анын бирден-бир максаты – өлкөнү түп тамырынан өзгөртө алчу жаштарды чет – өлкөдө окутуп, билимин тереӊдетүү…
— Саламатсызбы, агай. Ден-соолук, иштериӊиз жакшыбы?
-Саламатчылык, чоӊ рахмат. Иштерибиз жакшы. Азыр сезон учуру болуп, иштер кызуу жүрүүдө.
-Айтмакчы, азыр мектепти бүтүп жаткан абитуриенттер да сиздин борборго кайрылып жатабы?
-Ооба, кайрылгандар абдан көп. 1-2 жума болуп калды, алдыӊкы студенттерибиз визага киришти. Мындан тышкары Америка, Европага виза алып учуп кетип жаткандары бар. Ал эми июль — август айларында дагы алтымышка чукул окуучуларыбыз визага кирет. Буюрса, виза алган соӊ чет өлкөдөгү окууларына кетишет.
-Агай, маегибиз ушул окуучулардан башталып калды. Ал эми, сиздин окуучу кезиӊиз да биз үчүн кызык болуп турат… Алыскы Баткен жергесинин кулуну, Америка, Жапонияда кантип окуп, иштей алды?
— Мен өзүм Баткен облусунун Кызыл-Бел айылында төрөлүп өскөнмүн. Алтынчы класска чейин айылдагы эле мектепте окудум. Баланын билимдүү болушуна ата-эненин таасири абдан чоӊ экен. Анткени атам салык инспекциясында инспектор, апам китепканачы болуп иштечү. Ошондуктанбы, айтор биздин үйдө китеп көп болчу жана баарыбыз бири-бирибизден талашып окучубуз. Тамак ичип жатып да китеп окуп отурчу элек. Китеп көп окуган адамдын ой-жүгүртүүсү өсүп , кыялдары курч болуп, аларга жетүү жолдорун издей баштайт экен. Ошондой эле 7-класстан тарта түрк лицейинде билим алып калдым. Бул жерден чет өлкөдө окууга кызыга баштадым. Негизи, мен жөнөкөй эле үй-бүлөнүн баласымын. Өзгөчө биз окууну бүтүп жаткан 1999-2000 жылдары кыйын учур эле. Ошол учурда биздин үй-бүлөдө кыйын абал болгон, ата-энем керек болсо мени Бишкекте да окута алмак эмес. Бирок, чет – өлкөдө окууменин арзум эле. Ал убакта бир гана Түркияга кеткенге мүмкүнчүлүк бар болчу. Америка, Жапония биз үчүн жомоктой эле сезилчү. Түнкү саат төрттөн тарта Түркияда окуу үчүн даярданаар элем. Ал жерде жакшы окуп жүрүп, премьер-министрдин жана жапониялык фонддун стипендиясына ээ болдум. Окууну бүткөндөн кийин Жапонияда иштедим. Ал жерде иштеп жүрүп бизнес тармагында Америкадан окугум келди. Ал жерден Хьюстон универстетинде эл аралык бизнес, андан кийин Германияда эл аралык бизнес – укук багытында магистрдик билим алдым, эл аралык компанияларда иштедим.
-Чет өлкөлүк үч дипломдун ээси экенсиз. Бүгүнкү күндө бир диплом менен ошол адистикте ийгиликтүү болуу мүмкүн эмеспи?
-Адам окуган сайын — окугусу келе берет экен. Билген сайын – эч нерсе билбегенин түшүнөт экен. Ошол сыӊары мен алган билимдер аз болуп жаткандай сезиле берет. Учурда да IT тармагына кызыгып жүрөм. Буюрса, бул тармакта Америкадан билим алам. Ал эми мен магистрдик билимимди 30 жашымда алдым. Ошондо тааныштар, туугандар “отузга чыксаӊ деле окуй бересиӊби” – деп тамашалачу. Мен үчүн, билим алуунун эч кандай жашы жок.
-Чет өлкөлөрдө кайсы компанияларда, кандай кызматтарда иштедиӊиз?
— Мен профессионалдуу түрдө кызматымды Жапониядан баштадым. Ал жерде машиналарды экспорт – импорт кылган компанияда иштеп, алардын бизнес- этикасы, маданиятына таӊ калдым. Сырттан барып, иштеген адам катары мага абдан кызык болду. Ал жумушка орношкондо дипломго деле маани беришпейт экен. Өздөрү нөлдөн үйрөтүп алат. Ошондой эле ал жерде жумуш “ишеничтин негизинде” жүрөт экен. Аракет кылып жакшы иштеген ишкер ишеничке кире алат. Аларда бардык бизнес ошол ишеничтин негизинде ишке ашып жатканына таӊ калдым. Ал эми Америкада юридикалык тармакта виза иштери боюнча иштедим. Ал жерде эркиндик бар. Германияда болсо IT тармагындагы компанияда консультант болуп иштедим. Негизи бул үч өлкөнүн жумушка болгон мамилеси бир-биринен кыйла айырмаланып турат. Алсак, Жапонияда иш сааты сегиз саат болсо, он эки – он үч саат иштеген жапондор кечки ондо иштен кетип бара жатып дагы кете электерден алардан эрте кетип бара жатканы үчүн кечирим сурап анан кетишет экен. Жапония — ишке берилүү, Америка – жумуш менен үй-бүлө балансынын теӊдиги , Германия — ишти бүткөрүп коюп кете берүү системалары менен өзгөчөлөнөт.
— Сиз ушунча билим алып, ал өлкөлөрдө иштеп, тажрыйба топтогон соӊ кайра Кыргызстанга келип жатасыз. Эмне үчүн келүүнү максат кылдыӊыз?
— Эгер өзүмдүн керт башымды ойлосом ошол чет –өлкөлөрдө иштеп, жашап жүрө берсем болот. Бирок, адамдын алган билими, тажрыйбасы анын туулуп – өскөн мамлекетине жардамы тийбесе – анда ал билимдин эч кандай пайдасы жок. Себеп дегенде, ким билет кудай адамга канча өмүр берди. Эртеӊки күнү мага бир нерсе болуп кетсе, 19-20 жыл бою алган билим, тажрыйбам мени менен кетип калат. Мен мындай ойлордон улам чоӊ тобокелчилик менен Кыргызстанга келдим. Азыр жаштарыбыздын өнүгүүсү, билим алуусу үчүн салым кошсок деп чет өлкөгө окууга кетирген компания ачып, иш алып баруудабыз. Анткени, учурда Кыргызстанда билим сапаты төмөн, жаштар башка өлкөлөргө иштеп агылып кетип жатышат. Аларды кара жумушка эмес, билимге сугаруу керек… Биз алдыӊкы 10-15 жылда деле ушул эле темпте жашайбыз. Бирок, андан ары өнүгөлү десек, анда адам ресурсуна маани беришибиз керек. Бүгүнкү күндө эӊ өкүнүчтүү нерсе, Кыргызстандагы 11-класстын окуучуларынын 90% каякка барып, кандай билим алышты, кайсы кесипти окушту билишпейт! Ал эми билгендердин көпчүлүгү юридикалык, экономикалык, эл аралык мамилелерди окуйм дейт. Ал эми Кыргызстанда билимдүү калктын 70% юридикалык билимге ээ. Бирок, бүгүнкү күндө Кыргызстандын таламын эл аралык аренада талашкан юристибиз жок. Алар кайда? Базарда иштеп жүрүшөт.
-Чет өлкөдө окугусу келгендер арбын, бирок кандай талаптар бар?
-Биринчи кезекте англис тилин жакшы билиши керек жана интеллектуалдык деӊгээли жогору болушу керек. Биздин жаштар азыр ачыгын айтканда жалкоо. Бирөөнүн сүрөтүн тиктеп эле интернетте 3-4 саат коротуп койгонун да билишпейт. Ошонун ордуна 1 саат китеп, 3 саат англис тилин окуса өз келечеги үчүн мыкты пайдубал болмок. Мисалы, ар бирибиз эле телефондун жаӊы, акыркы үлгүсүн колдонгонду жакшы көрөбүз. Эмнеге дегенде анын мүмкүнчүлүктөрү кенен. Ошол сыяктуу эле биз дагы өзүбүздү күн сайын жаӊы жана пайдалуу маалымат, билим менен сугарып турбасак бир күнү биз дагы эски телефондор сыяктуу керектен чыгып калабыз. Ал эми чет өлкөлөрдө билим алам деген адамда чын дилинен максат жана анын артынан сая түшкөн аракети, планы болуш керек. Азыр бизге кайрылгандар арасынан 7-класстын окуучулары менен иштешүү бизге приоритеттүү. Себеби дегенде, чет тилин билбесе дагы ага нөлдөн баштап окутуп, 11-классты бүткөндө чет өлкөдө окууга өткөндөй даярдайбыз. Ал баланын ата-энеси менен бирге отуруп, баланын билимине, шыгына жана келечектеги актуалдуу кесипке карата баланын келечекте окуй турган кесибин аныктап ошого жараша окутабыз. Ага бир гана англис тилин эмес, интеллектуалдык билимди дагы үйрөтөбүз. Ал эми 11-класстын балдарын үчүн англис тилин билбесе бир аз кыйын болот.
-Ал эми башка өлкөдө билим алам деп жаткан жаштар кандай кыйынчылыктарга даяр болушу керек?
-Кыйынчылыктар болот, сөзсүз. Адаптация болгонго чейин алты айдай убакыт кетет. Андан кийин иш таап, иштеп бул жактагы ата-энесине жардам берген да студенттерибиз бар. Бирок, аларга менин айтаарым биринчи орунга билимди койгула. Анткени, окуу экинчи планда калып калса, анда буга чейинки аракетинин баары жарым жолдо калат. Ал эми окуусун алдыӊкы планга койгон жаштарды 10-15 миӊ доллардан жогорку айлык акы жана жаркын келечек күтүп турат. Кара жумуштун кулу болбоого чакырам.
—Сиздин компанияда иштеген мугалимдер менен тааныштыра кетсеӊиз?
— Бул абдан жакшы суроо. Биз чет өлкөгө кетирчү компания болгондуктан чет өлкөдө билим алган жаштарды чогулттум. Алардын бири Кореяда, бири Германия, бири Кытайда, бири Румынияда, Америкадан билим алышкан. Бизде мугалимдердин 70% чет өлкөлөрдөн билим алышкан. Калган 30% бул жерде билим алса дагы аракетчил жана алдыга умтулган тренерлер.
-Сиздердин компания аркылуу бүгүнкү күнгө чейин канча студент кетти жана алар кайсы өлкөлөрдө билим алышууда?
-2018-жылды алып карай турган болсок, биз үчүн абдан жемиштүү жыл болду. Анткени, Америкага 45 бала тапшырып, анын 39 виза ала алдык. Бул Кыргызстандын тарыхында рекорд болду. Кыргызстанда бизден башка дагы көптөгөн компаниялар бар. Бирок, алар дагы бизчелик виза ала алышкан жок. Статистикалык жактан алып караганда Амрикага виза алгандардын 85% биз түздүк. Ал эми Германияга окууга кеткендердин 95% биз аркылуу болду. Мунун себеби, биз германиялык, америкалык жан жапониялык системалар менен иштегенибизде. Бизге келген балдар жана алардын ата-энелерин ошол системалардын негизинде консультациядан өткөрүп, даярдык көрөбүз.
—Кыргызда “кур аякка бата жүрбөйт”- деген кеп бар эмеспи, сиздердин компаниянын кызмат акысы менен бөлүшө кетсеӊиз.
-Ооба, биздин компаниянын кызмат акысы бар. Биз азыр англис тилин окутуу борбору катары 700 чарчы метр жерди ижарага алганбыз. Бул жердин ижара акысы эле 2500-3000 миӊ доллар. Андан сырткары 10-15 жумушчу бар, алардын айлыгын төлөө керек. Жалпысынан айына 7-8 миӊ доллар чыгаша бар. Алардын баарын камсыздоо үчүн кызмат акысын алышыбыз керек болуп калат. Башка компанияларга салыштырмалуу деле биздин кызмат акыбыз кымбат, бирок сапат жана жыйынтык үчүн иш алып барабыз. Бирок, учурда биз бир той өткөрүп деле 5-6 миӊ доллар акчаны коротуп коюп жатабыз. Андан көрө ошол акчаны балабызга инвестиция кылсак деп ойлойм. Мисалы, Америкадан деле контрагы 5-6 миӊ доллар болгон окууну тапса болот. Алардын дагы бир жакшы жери 4-5 миӊ долларды бөлүп төлөө системасы бар. Ошондуктан чет өлкөдөн окуйм деген жаштарды жана алардын ата-энесин акчаны башкы маселе кылбоого чакырам.
Маектешкен: Касиет Кубанычбек кызы