Мунара Азимбекова англис, түрк, немис, француз, орус жана араб тилдерин билет. Германияда туризм тармагында билим алып жаткан каарманыбыз, көп тил билүүнүн артыкчылыгына токтолуп, тил үйрөнүүдөгү ыкмалары менен бөлүштү.
Мунара Азимбекова англис, түрк, немис, француз, орус жана араб тилдерин билет.
— Мунара, саламатсызбы? Жалпысынан 6 тил билет экенсиз. Чет тилдерин билүүгө болгон кызыгууңуз кантип пайда болгон?
— Бала кезимден кыргыз жана орус тилине сугарылып өстүм. Апам орус тили жана адабияты боюнча мектепте мугалим болгондуктан, орус тилин бала кезимден үйрөнүүмө апамдын салымы чоң болду. Мектепте да орус класста билим алдым. Ал эми 10-класста болсо, Америкага барып окууну кыялдандым. FLEX программасына катышуу үчүн англис тилине кызыгып, окуп баштадым. АКШга барууну өзүмө чоң максат кылып алгандыктан, күнү – түнү дебей тил үйрөнүүгө абдан аракетимди жасадым.
Мектепти аяктаган соң, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин синхрондук котормо бөлүмүнө тапшырдым. Университеттеги алгачкы жылы түрк тилин, кийинки жылы араб тилин үйрөндүм. Себеби, куранды араб тилинде окуйм деген ниетим бар эле. Кийинки жылы француз тилине кызыга баштадым. Бул кызыгуу мен кыргыз-француз компаниясында гид болуп иштеп жүргөн учурда пайда болду. Туристтер менен англис тилинде сүйлөшсөк дагы, алар менен француз тилинде да сүйлөшкүм келди. Ошентип, француз тилин окуткан курстарга да жазылып, бул тилди дагы үйрөндүм. Мындан кийин мен Германияга жайкы каникулга барууну пландап, ага жараша немис тилин өздөштүрдүм. Бирок, тил үйрөнүүгө болгон кызыгуум бул алты тил менен чектелген жок. Өз алдынча кытай тилин үйрөнөйүн дедим. Бирок, тилекке каршы азырынча бул максатым ишке аша элек.
— Жашыруун болбосо, эмне себептен?
— Анткени, тилди өз алдынча үйрөнүү натыйжасы абдан жакшы болбойт экен. Баары бир мугалим керек экен. Ошондой эле кытай тилин үйрөнүүдө менин конкреттүү максатым жок болчу. “Баары кытай тилин үйрөнүп жатат. Демек, мен да үйрөнүшүм керек”,- деген ой болгон. Бирок, мындай ой менен тил үйрөнүү таптакыр туура эмес экен. Мен үчүн кытай тилин үйрөнүү кыйын болду. Толук өздөштүрүп, жыйынтык чыгара алган жокмун.
Мунара: Тил үйрөнүүдөгү эң негизги фактор – бул максат, күчтүү каалоо болуш керек.
— Негизи алты тилди эмес, эне тилден тышкары кошумча дагы бир тилди үйрөнүү да оңой эмес. Сиз, кантип үйрөнгөнсүз?
— Тил үйрөнүүдөгү эң негизги фактор – бул максат, күчтүү каалоо болуш керек. Күчтүү каалоо болбосо, тил үйрөнүү абдан оор. Мисалы, канчалык күчтүү мугалим болсо дагы, адам өзү аракет кылбаса эч кандай жыйынтык чыкпайт. Мен жогоруда айткандай, ар бир тилди үйрөнүүдө бир максатым болчу. Америкага баруу үчүн англис тилин окудум дегендей…
Менин тажрыйбама ылайык, тил үйрөнүүдө максат пайда болгон соң, сөзсүз жакшы окуткан борборлор же мугалимден сабак алуу керек. Анткени, өз алдынча тил үйрөнүү оорчулукту жаратат. Ошондой эле, Duolingo сыяктуу тиркемелер бар. Дагы маанилүү нерсе, тил үйрөнүүдө угуу, жазуу, окуу, сүйлөшүү көнүгүүлөрүн бирдей алып кетүү керек. Угуу жөндөмдү жакшыртам десек кинону дароо көрүп кетүү мүмкүн эмес. Буга да убакыт керек. Башында аз убакытты камтыган видео же аудиолор менен машыкса болот. Андан соң, акырындык менен кинолорду чет тилде көрүү жакшы натыйжасын берет. Бул аздан көпкө карай кадам таштоо ыкмасын китеп окууда да колдонсо болот.
— Күнүмдүк турмушта, көп тил билүүнүн артыкчылыгын сезесизби?
— Эгер бир адам менен сүйлөшүп жатып, экөөбүз тең орток тилде пикир алышып жатсак, айтылган маалымат анын акыл эсине эле жетет. Ал эми маектешүүнү ошол адамдын эне тилинде жүргүзсөк, ошол эле маалымат анын жүрөгүнө жетет. Ошондуктан, адамдар менен мамиле түзүүдө, окууга тапшыруу, жакшы жумушка кирүүдө сөзсүз чет тилин билүүнүн артыкчылыктары көп. “Канча көп тил билсең, ошончо жолу адамсың”- деген сөз да бекеринен айтылбаса керек. Биз ар дайым башка өлкөлөр жөнүндө угабыз. Ал эми тил үйрөнүп баштаганда, ал өлкөнүн тарыхы, маданиятына сүңгүп кирүүгө болот. Адамдар менен мамиле түзүү бүгүнкү күндөгү маанилүү жөндөмдөрдүн бири. Ал эми чет өлкөлүк адам менен анын тилинде мамиле түзүү – бул эки эсе керектүү жөндөм экени айдан ачык.
— Сиз бир канча чет тилдерин үйрөнүүдө кандайдыр бир ыкмаларды билесизби?
— Тил үйрөнүүдө ошол тилде сүйлөгөн өлкөгө барып үйрөнүү – эң мыкты ыкмалардын бири. Бирок, ар бир адамда мындай мүмкүнчүлүк боло бербейт. Интернет аркылуу деле ошол тилди алып жүрүүчүлөр менен сүйлөшүүгө дагы мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми, Кыргызстандын аймактарында интернет жакшы тарта бербейт эмеспи. Бул учурда, ар түрдүү карточкаларды жасап, үй ичиндеги эмектерге чаптап, сөз жаттоо дагы эффективдүү. Өз алдынча тил үйрөнөм дегендер үчүн атайын китептер бар. Ал жерде ар түрдүү көнүгүүлөр бар. Ал көнүгүүлөрдү аткарган соң, китептин артындагы жоопторун карап өзүбүздү өзүбүз текшерүүгө болот. Мындан тышкары, кино же сериал көрүүдө субтитр жок көргүлө деп айткым келет. Субтитр болсо көзүбүз текстке түшүп, окуп кете беребиз. Кино көрүүдө угуп түшүнүүгө аракет кылуу пайдалуу болот.
— Азыр жаштарга кайсы тилди үйрөнүүнү сунуштайт элеңиз?
— Адам үч тилди билсе ийгиликке жетет деген сөз бар. Биринчиси – бул англис тили. Экинчиси бул – акчанын тили. Үчүнчүсү – бул компьютердин тили. Учурда бардык нерсе, санариптешип жатат. Ошого байланыштуу англис тили бардык адамдар билиши керек болгон тилге айланды. Мындан тышкары, адамдын өзүнө кайсы чет тили жакын болсо ошол тилди үйрөнүүнү сунуштамакмын. Анткени, адам өзүнө жакпаган тилди эч үйрөнө албайт. Ошондой эле конкреттүү бир максаты болушу керек. Максатсыз тил үйрөтүү – эч кандай жыйынтык бербейт.
Көп тил билген адамдар «полиглот» деген атка ээ. Полиглот болуу үчүн кеминде төрт тил билүү керек.
— Кесибиңиз боюнча котормочу экенсиз. Бул кесип сиздин кыялыңыз беле?
— Котормочу болом деп бала кезимде кыялданган эмесмин. Бирок, чет тилдерде сүйлөө мага абдан кызыктуу болчу. Бала кезимден англис тилинде сүйлөөгө кызыкчумун. Ошондуктан, мектепти бүтүп окуу жайга тапшырганда дагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кыргыз – англис тилинде синхрондук котормо бөлүмүн тандап алгам. Студент кезимде туризм тармагында иштеп калдым. Ошол учурда Англия, Норвегия, Франция ж.б өлкөлөрдөн туристтер келчү. Алар менен баарлашуу мага жакчу. Туристтер менен иштешип жүрүп, туризм жана мейманкана иштетүү багытында билимимди Германияда жогорулатууну чечтим.
«Тил үйрөнүүдө ырдап, музыка угуп, кино көрүп, китеп окуп ошол тил менен кошо жашаш керек».
— Тил үйрөнүп жаткан окурмандарга кандай кеңеш бересиз?
— Ар бир адам өзгөчө. Ал эми тил үйрөнүү бул талыкпас эмгек. Кээ бир адамдар күнүнө 3-4 сааттан убакыт бөлүшөт. Айрымдар жарым саат убакыт бөлүшүп, “негедир 3 жылдан бери англис тилин үйрөнүп жатам, бирок жыйынтыгы жок”- деп таң калышат. Мен өз тажрыйбама таянуу менен күнүнө 3 сааттан кем эмес убакыт тил үйрөнүүгө бөлүү керектигин жана көнүгүүлөрдү түрлөнтүү зарылдыгын айтат элем. Жалаң гана текст окуп же көнүгүүлөрдү жасап отуруудан адам тажап баштайт. Андыктан, ырдап, музыка угуп, кино көрүп, китеп окуп ошол тил менен кошо жашаш керек.
Полиглот: Тил үйрөнүүдө ырдап, музыка угуп, кино көрүп, китеп окуп ошол тил менен кошо жашаш керек.
Чет тилдерди үйрөнүүнүн өзгөчө ыкмалары
Керектүү! Англис тилин өздөштүрүүгө акысыз ресурстар
Студенттин ийгилиги: Германияга виза ала электе, Кыргызстандагы окуумду таштап салгам
Касиет Кубанычбек кызы