Жалал-Абад облусунда «American Song Contest»сынагы болуп өттү.
Бул сынак республика боюнча жарыяланып, биринчи туру мектептер арасында, экинчи туру Жалал-Абад шаарындагы балдар лицейинде, үчүнчү туру Жалал-Абад Мамлекеттик Унивеситетинин АТФнын имаратында финалы болду. Базар-Коргон районунан 8 окуучу өтүп аларды вокалист Максат агай даярдап алып барган.
«Бул сынака катышуу үчүн биринчи мугалимдерди чакырып тренинг өттү. Катышуучуларга багыт берүү, музыкасын, ырын тандап берүү, ырдын мазмуну окуучуга туура келеби ал жагын кароо бизге милдеттендирилди. Биз мектепте окуучулар арасында сынак өткөрдүк. Сынакта бир гана Американын ырчыларынын ырын ырдоо болгондуктан башка англис тилдүү ырчылардын ырын ырдоого мүмкүн эмес эле. Ошентип Б.Осмонов мектебинен Анарбеков Эрбол жана Кубанычбекова Элиза өтүштү»- деп билдирди аталган мектептин англис тили мугалими Акматова Айжамал.
«Бул сынакка даярдык өтө жогорку деңгээлде болуп, райондон вокалист Максат агайдын жардамы менен даярдалды. Кийинки тур Жалал-Абад шаарындагы балдар лицейинде болду. Мында да Эрбол менен Элиза өтүштү. Финал Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин АТФ имаратында өттү. Окуучулар өздөрүнүн атаңдаштарын көрүп, такшалып, чыйралышты. Мен окуучуларыма силер 1-орунду аласынар деп, алардын өзүнө болгон ишеничтерин артырып, дем күч берүүчү сөздөрдү айтып жаттым,»-деди Акматова
Финалга Жалал-Абад шаарынан 11 окуучу, Базар-Коргон районунан 8 окуучу катышты. Финалда Эрбол Майкл Бублендин «Филинг гуд» деген ырын ырдап биринчи орунду алды.
12-апрель күнү Бишкек шаарында өтүүчү Америка ырларынын сынагынын гала концертине катышуу үчүн Анарбеков Эрбол жолдомо алып, башкы сыйлык ноутбукту гала концертте ала турган болду. Ал эми даярдаган мугалимдерине ыраазычылык каттарды тапшырышты.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ