Ак-Талаа районунун Баетов айылында 7-апрелде курман болгон баатырларды эскерүү иш чарасы болуп өттү. Аталган иш- чара Карасартов Адилет Сүйүндүк уулунун эстелигинин жанында болуп өтүп, революцияда шейит кеткендерге куран окулуп, эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, ок атылды.
Иш чара Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ибраева Жаркын, Ак-Талаа районунун акими Молдокадыров Нурбек жана башкалардын катышуусу менен болуп өттү. Ошондой эле иш чарада Карасартов атындагы орто мектебинин окуучулары 7-апрелдеги окуяны чагылдырган чакан сценка коюшуп, көркөм ырлар жана куттуктоо сөздөр айтылды.

Даярдаган: Муктарова Аймырза