Айылыбызга эң чоң пайдасы тийип жаткан эр-азаматтарыбыздын бири бул Айтбаев Нурланбек. Анын жыгач тилчү пилорамасы бар. Тургундардын үй, имарат, дүкөн жана башка көптөгөн нерселерди курууга керектелет. Бул жыгач тилгич менен абайлап ишөө керектелет. Анткени ал өтө курч келет да алдына койгон нерсени эмне болсо кесип кетет.
Жыгач тилчү пилорама жөнүндө көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан Гайбилла байке мындай дейт.
«Мен бул жерде көптөн бери иштеп келем. Бул жыгач тилгич өтө курч. Бирок мен аябай кылдаттык менен иштеп жатам. Жыгач тилгичтин аталышы «Тайга»-деп аталат.
Бутуңдун учу тийсе да кесип кетет. Бул жакка күнүнө адамдар келип жыгачтарын тилип кетишет. Кардар кантип тил деп буюрса ошондой кылып тилип берем. Мына ушинтип элге кызмат кылып жатабыз», — дейт Гайбилла байке.
Пилорама болсо бир канча жылдан бери иштеп элге пайдасы тийип келет. Бул жерге башка айылдардан да келип жыгачтарын тилип кеткендер бар.
Буга чейин да пилорама болгон. Бирок ал иштен чыгып калган. Кийин ошол эле жайга Нурлан байке пилорама курду.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»