Андарактын «Саркент» жайлоосуна кичи электростанция куруу каралууда. Кытайдан келген өкүлдөр абал менен 17-июнь күнү таанышып кетти.
Сумбула айыл аймагынын башчысы Бекмуратов Баймурат бул жөнүндө:
«17-июнь күнү Кытайдын Нянцзы шаарынан келген өкүлдөрдү биз аэропорттон тосуп алып Төө-Жайлоо массивиндеги 11-үйгө жаткырып андан ары ат улоолору менен «Саркент»жайлоосуна алып бардык» деп билдирди.
Кичи электростанция куруу долбоорун карап чыккан Кытайдын NINGXIA CONSTRUCTION ENGINEERING GROUP CORP LTD компаниясы болчу.
«Демилге жалпы айылыбыздын суроо талабы боюнча болуп жатат. Ушул кытайлыктардын компаниясынын жардамы менен ушул таза сууну чыгаруу үчүн алып барып көрсөттүк»
«Кытайлыктар алдын ала өз макулдуктарын беришти. Эми Кыргыз Республикасы Кытайларга ушул долбоор менен кайрылса алар бизге таза суу чыгарып беришет», -деп кошумчалады Бекмуратов.
Эми бул курулуп калса, берсе Исфана шаар мериясы, Тогуз-Булак айыл өкмөтү жана башка айыл өкмөттөр таза суу менен камсыз болмокчу.
«Жана да таза суу чыгарылып баштаса ички миграциянын токтолушуна, жумушсуздукту жоюуга чоң таасир берет деген ишеничтебиз», — дейт Бекмуратов Баймурат.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»