Сумбула айыл округунун Андарак айылында эки спортзал бар. Бирок бул спортзалдын биринчиси эми гана мектептин спортзалы болуп курулду, экинчиси азыр ички жагы жараксыз абалда турат.
Быйыл айылда жаңы зал курулуп, айылда волейбол өнүгө баштаган эле. Азыр үч айлык каникулга чыктык. Бизде эки спортзал бар. Бирок бирөөсү жараксыз, ал эми экинчиси каникулда ачылбаган мектептин спортзалы.
«Ал эми биз дагы да волейбол боюнча дагы каникулда эч жакка барбай, спортту күчөтөлү дегенбиз. Бирок бизге шарт жок болуп турат. Эгер ушул спортзалдын ички жагын, свет жабдыктарын жана полду краскалап берсе бизге чоң кубаныч болот эле» дейт айыл тургуну Авазбек уулу Бекжан.
Бул спортзал айыл лидерлеринин демилгеси менен курулган. Ушундай патриот жигиттер спортзалды 2010-жылы куруп берген. Бул спортзал абдан заманбап бүткөн эле. бирок тилеке каршы спортзал ушундай акбалга келип калды. Эми биздин бирден-бир максат биринчиден спортзал жалпы бузулуп калбоо үчүн, экинчиден жаш спортсмендердин каникулда бош калбоосу үчүн алардын спортко болгон сүйүүсүн күчөтүү.
Буюрса бул спортзал оңдолушуна патириот агаларыбыз чыгат деген үмүтүбүз чоң, дешет жаш жеткинчектер.
Дагы бир маселе бул жаш балдар үчүн курулган басейн да беш жылдан бери туруп жараксыз болуп калган. Бул басейн ошол 2010-жылы спортзал курулганда ушул басейн куруу проекти ишке ашып курулган. Ушул жылга чейин ар жай мезгилинде эч жака барбай калган балдар ушул басейнге түшүп эс алып келген. Бирок быйылкы жылы бул басейнге суу кирбей кафелдери бузулуп кеткенин билдирет Алдашов Гасидин.
Эми ушул жаш балдардан жайкы эс алууга шарт түзүлбөй калды деген маселе туулат. Айыл балдары жайдын ысык күнүндө сууга түшүп сергигиси келет экен. Бирок ага да шарт түзүлбөй жатат. Ушул балдардын каникулун кызыктуу өткөрсө сабактан да алдынкылары болобуз деп сөз берип жаткандары да көп кездешти.
Буюрса бул маселе тез арада чечилип, патириот агаларыбыз жардам берип калаар деген үмүттө жаш жеткинчек балдарыбыз.
Балдар биздин-келечегибиз!
Даярдаган: Амантур Ганиев
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»