Сумбула айыл округунун Андарак айылында базардын ичинде чоң бир имарат курулду. Анын үстүнкү бети бильярд астыңкы бети чайкана болду. Бул жерде көбүнчө майрамдарда юбилейлерде аш кылып олтурушат.
Бул имарат эки кабаттан туруп 1-кабаты чайкана, 2-кабаты бильярд болуп курулду. Бул жердин ашканасында самса, шашлык жана шорпону мыкты жасашат жана заказдар менен аш бастырып турушат.
Бул айылда бильярд спортуна кызыккандар көп көбүнчөсү жаштар. Бул жерге кары-жашы дебей келип кий(таяк) менен өзүнүн бильярдка болгон шыгын сынап кетет. Биз маегибизди айыл тургуну Гайназаров Нуржандан алып көрдүк.
«Бул айылда бильярдга кызыккан адамдар аябай көп. Айрыкча айыл тургундарынан кары-жашына карабай келип ойноп кетет. Бул жерде күнүнө кышында 10-15 адам чогулуп алып ойношот. Көбүнчөсү ар кандай кээ бирлер күчүн сынайт, экинчиси карьерасын түзөт. Бильярд бул биринчиден ден-соолукка пайда ошонун үчүн биз кышында эч калбай келип ден-соолукту чындашка аракет кылабыз. Негизи бул жер жакшы курулган асты чайкана үстү бильярд. Бул жердин тамагы да сонун анан бильярд саатына да арзан мисалы: 50сом кээ бирде 70сом. Ал эми бильярддын берки бөлмөсүндө 100-сом анткени ал жерге тамакты өздөрү алп кирип беришет», — деп сөзүн жыйынтыктады Гайназаров Нуржан.
Бул жерде дагы бир чайкана ишке киришүүдө ал жөнүндө кийинчеээк маалымдайбыз.Буюрса чайкана, бильярдканалар элдин кызматында.
Даярдаган: Амантур Ганиев
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»